• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өмүрбекова: 2020-жылдагы Олимп оюндарында биздин спортчулар ийгиликке жетишерине ишенебиз

Өкмөт 0

Бишкек, 06.12.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекованын төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын спортчуларынын 2020-жылы Токиодо өтө турган жайкы Олимп жана Паралимпиадалык июндарга катышуусуна даярдык көрүү маселеси боюнча жыйын болду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Арпачиев Кыргызстан спорттун 13 түрү боюнча 21 жолдомо алууга ниеттенип жатканын белгиледи. Алар: эркин, грек-рим жана аялдар күрөшү, дзюдо, жеңил атлетика, бокс, оор атлетика, беш түрлүү көнүгүүлөрдөн турган спорттук мелдеш, сууда сүзүү, ок атуу, фехтование, жаа атуу жана триатлон. Ал эми спорттун Паралимпиадалык түрлөрү боюнча кеминде 3 жолдомо утуу мерчемделди.

Арпачиев Кыргызстандын капчыгында Айсулуу Тыныбекова (спорттук күрөш), Денис Петрашов (сууда сүзүү), Юлия Андреева (жеңил атлетика), Атабек Азизбеков (грек-рим күрөшү) жана Дарья Масловалар (жеңил атлетика) уткан беш жолдомо бар экенин айтты.

Ал алдыда кыргыз спортчулары бир катар эл аралык турнирлерге катышуусу күтүлүп жатканын белгилеп, ошол спорттук иш-чаралардан жолдомо утуп аларыбызга ишенип жатканын кошумчалады.

Муну менен катар жыйында медаль уткан спортчуларды бир жолку сый акы менен сыйлоо маселеси дагы талкууланды. Анын суммасы 5тен 10 млн сомго чейин болушу болжолдонууда.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова 2020-жыл ата мекендик спортчулардын спорттогу жетишкендиктерин көрсөтүүдө маанилүү жылдардан болуп саналарын белгиледи.

«Биз 2020-жылдагы Олимп оюндарында биздин спортчулар ийгиликке жетишерине ишенебиз, – деди Алтынай Өмүрбекова. – Бул үчүн биз эң жогорку жетишкендиктерге жетүү үчүн спортчуларыбызга бардык шарттарды түзүп беришибиз керек».

Ошондой эле вице-премьер-министр ар бир мамлекет үчүн Олимп жана Паралимпиадалык июндарга даярдык көрүү маанилүү милдеттерден экенин кошумчалап, биздин ата мекендик спортчулар беделдүү спорттук иш-чараларга татыктуу катышуу үчүн бардык күч-аракетин жумшарына ишеним артып жатканын айтты.

Вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин, Улуттук Олимпиада комитетинин кызматкерлерине спортчулардын квалификациялуу турнирлерге катышуусу үчүн зарыл чараларды кабыл алуу тапшырмасын берди.

XXXII жайкы Олимп оюндары Токиодо 2020-жылдын 24-июлунан тарта 9-августка чейин өтөт.

Пикир

Оставить комментарий