• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өмүрбекова: «Ачык Өкмөттү» ишке ашыруу бардык бийлик бутактарынын ишине коомдук көзөмөлдү күчөтүүнү шарттайт

Өкмөт 0

Бишкек, 28.02.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Ачык Өкмөт Улуттук форумунун VIII жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жыйында маалыматтардын ачыктыгына жетүүнү жакшыртуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жарандардын алдындагы милдеттери жазылган 2018-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасында «Ачык Өкмөттү» куруу боюнча иш аракеттердин улуттук планында каралган Улуттук форумдун буга чейинки жыйындын протоколун аткаруу маселеси каралды.

Алтынай Өмүрбекова айрым министрликтердин жана мекемелердин планга кирген пункттардын мөөнөтүндө аткарылбаганы жөнүндө айтып, ар бир мамлекеттик органга тийиштүү милдеттер жүктөлгөнүн белгиледи. Милдеттерди аткарбаган жооптуу адамдарга карата тийиштүү чараларды кабыл алуу мезгили келгенин кошумчалады.

Алтынай Өмүрбекова коюлган максаттарга жетүү үчүн мамлекеттик органдар айрым иш-чаралардын аткарылбай калышынын себептерине кылдат талдоо жүргүзүүлөрү керектигин айтты.

Вице-премьер-министр «Ачык Өкмөт» өнөктөштүгүнүн эрежелерине ылайык, Иш аракеттердин улуттук планында кабыл алынган иш-чаралар эки жылдын аралыгында ишке ашырылышы керектигин, планды аткаруу мөөнөтү 2020-жылдын август айынын соңунда аяктарын эске салды.

Ачык Өкмөт Улуттук форумунун жылдык отчётуна ылайык бардык пландалган иш-чаралардын 18, 96% гана аткарылган. Буга чейин алган милдеттемелерди аткаруу үчүн 2020-жылдын август айынын соңуна чейин болгону алты ай гана калды. 2020-жылдын сентябрь айына чейин иштелип жана кабыл алынышы керек болгон Иш аракеттердин экинчи Улуттук планын иштөө үчүн сунуштар жана демилгелерди чогултуу иши башталганы жарыяланды.

Алтынай Өмүрбекова жыйындын катышуучуларына IRM (Independent Reporting Mechanism – Отчёттуулуктун көз карандысыз механизми) отчётуна ылайык, Кыргыз Республикасындагы Иш аракеттердин биринчи планын иштеп чыгууда Улуттук планга кошуу жана аны иштеп чыгуу үчүн демилгелерди чогултуу жөнүндө маалыматтык кампания жетишсиз деңгээлде өткөрүлгөнүн билдирди. IRMдин эскертүүсүн эске алуу керек, анткени мамлекеттик чечимдерди кабыл алууга жарандардын катышуусу «Ачык Өкмөттүн» принциптеринин бири болуп саналарын кошумчалады.

Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасы «Ачык Өкмөт» өнөктөштүгүнө кошулуп жатканда коррупцияны жоюу, калк үчүн мамлекеттик органдардын иши ачык, жеткиликтүү жана түшүнүктүү болуш үчүн ачык-айкындуулукту максималдуу түрдө камсыз кылуу маанилүү жана стратегиялык милдеттердин бири болуп саналганын айтты.

«Ачык Өкмөттүн» бардык пункттарын жүзөгө ашыруу бардык бийлик бутактарынын ишине коомдук көзөмолдү күчөтүүнү шарттайт», – деп белгиледи Алтынай Өмүрбекова.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Болот Жунусов «Ачык Өкмөттүн» катчылыгынын жетекчиси болуп дайындалганы айтылды.

Жыйындын катышуучулары Иш аракеттердин планын аткаруу үчүн жарандык коом менен мамлекеттик органдардын өкүлдөрү тыгыз кызматташуусу керектигин айтышты. Муну менен катар алар «Ачык Өкмөттүн» бардык жыйындарына массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн чакырууну сунуш кылышты.

Ошондой эле жыйында бардык кызыкдар тараптардын катышуусунда коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу мыйзамды өзгөртүү демилгесин кеңири талкулоо үчүн Ачык Өкмөт Улуттук форумунун сунушун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүү чечими кабыл алынды.

Маалымдама: «Ачык Өкмөт» өнөктөштүгү (OGP) – башкарууну күчтөндүрүү үчүн ачыктыкты камсыз кылуу, жарандардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, коррупцияга каршы күрөш жана жаңы технологияларды колдонуу боюнча милдеттерди ишке ашырууга багытталган ар тараптуу демилгелер.

Кыргыз Республикасы «Ачык Өкмөт» өнөктөштүгүнө 2017-жылы кошулган, ал эми 2018-жылы 19 милдетти аткарууга алган.

Пикир

Оставить комментарий