• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өмүрбекова: Аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү – туруктуу өнүгүүгө жол

Өкмөт 0

Бишкек, 19.09.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Борбор Азиядагы беш өлкөнүн жарандык активисттери катышкан «Трансформация доорундагы лидерлик» аталышындагы жарандык активисттердин Борбор азиялык диалогуна катышты. Бул диалог «Роза Отунбаеванын демилгеси» коомдук фондунун жана Кыргыз Республикасындагы «БУУ-Аялдар» түзүмүнүн колдоосу менен өтүүдө.

Алтынай Өмүрбекова аялдарга карата басмырлоонун бардык түрүн жоюу жөнүндө Конвенция, иш-аракеттердин Пекин Платформасы жана 2023-жылга чейин туруктуу өнүгүүнүн глобалдык Күн тартибине кошулуусун эсепке алганда, Кыргыз Республикасы өзүнө гендердик теңчилик жана адам укугу боюнча маанилүү эл аралык милдеттенмелерди алганын белгиледи.

«Жогорку мамлекеттик бийлик органдарынын, парламенттин жана өкмөттүн үчтөн бир бөлүгүн аялдар түзгөн мамлекеттерде социалдык саясат, энелер менен балдарды коргоо, эмгек, иш менен камсыз кылуу маселелеринин чечилиши натыйжалуу жүзөгө ашырылаарын дүйнөлүк тажрыйба көрсөтүүдө. Мамлекеттик органдардагы гендердик баланс иштин өндүрүмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатат», – деди Алтынай Өмүрбекова.

Вице-премьер-министр аялдардын лидерлигин колдоо, гендердик теңдик маселелерин илгерилетүү жана кыздар жана аялдар үчүн мүмкүндүктөрдү түзүү, аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү – бул өлкөнүн туруктуу өнүгүү жолу деп ишеним билдирди.

«Борбор Азия өлкөлөрүнүн алдындагы бүгүнкү чакырыктар глобалдык көрүнүштү чагылдырып, аймактык өзгөчөлүккө ээ болуп саналат: бизде демографиялык өсүш активдүү жүрүп жатат, бирок ошону менен бирге эмгекке жарамдуу калктын чыгып кетиши байкалууда, калктын социалдык стратификациясы жүрүүдө жана шаардык жана айылдык муниципалитеттердин, бай жана жакыр топтордун ортосундагы айырма өсүүдө. Климаттын өзгөрүү коркунучу жана жаратылыш ресурстарын кайтарымсыз жоготуу көбөйүүдө. Бул калкты чарбанын салттуу түрүн алмаштырууга, жаштардын ички мигранттардын өсүп жаткан агымын эптей албаган шаарларга миграцияга агылышына мажбур кылат. Чектелген жаратылыш ресурстарына болгон жүктөм чек ара жана башка карама-каршылыктарга алып келет. Алардан биринчи кезекте аялдар жана балдар жабыр тартышат. Диний экстремизм көйгөйү бар жана радикалдашуу объекти катары көбүнесе жаштар жана аялдар болуп калышат. Үй-бүлө институту өзгөрүүдө: дүйнөдө жана аймакта жалгыз бой ата-эне, көбүнесе апасы менен өскөн балдар көбөйүүдө. Гендердик роль өзгөрүп жатат: үй-бүлөдө негизги табышкер болгон аялдар көп, анын ичинде эмгек мигранты-аялдар, бирок муну менен катар экономикалык жактан активдүү кыз-келиндердин саны кыскарууда», - деди Алтынай Өмүрбекова.

Ал Иш-аракеттердин Пекин Платформасын ишке ашыруу жана Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына жетишүү үчүн, аймактын өлкөлөрүндө толук кандуу, гендердик теңдик прогрессин тездетүү үчүн Борбор Азия өлкөлөрүн өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдү координациялоо механизмин жана Борбор Азия аймагынын мамлекеттеринин Өкмөттөрүнүн координациялык потенциалын өркүндөтүүгө чакырды.

Вице-премьер-министр белгилегендей, 2019-жылдын октябрында кыргыз делегациясы Пекин декларациясын жана Женева Иш-аракеттер платформасын талдоо боюнча Аймактык жолугушууга катышат. Мында катышуучуларга Бишкектеги бул жолугушуунун негизги учурлары жана жыйынтыктары тууралуу маалымат берилмекчи.

Пикир

Оставить комментарий