• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өмүрбекова: Ар бир бала үй-бүлөнүн курчоосуна жана мамлекеттик институттардын коргоосуна укуктуу

Өкмөт 0

Бишкек, 09.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Молдова Республикасынын Парламентинин социалдык коргоо, саламаттык сактоо жана үй-бүлө боюнча комиссиясынын төрайымы Валентина Булига менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, социалдык коргоону камсыздоо маселесинде эки республиканын көз караштары бирдей.

«Биз бул тармактагы оң тажрыйбалар менен алмашабыз деп ишенем. Биздин өлкө ошондой эле ар бир бала үй-бүлөлүк курчоо, камкордук жана мамлекеттик институттар тарабынан коргоо укугуна ээ болушу үчүн негизги максатка жетишүүгө багытталган. Коюлган максаттарга жетишүү биз дагы абдан көп нерселерди кылууга тийишпиз. Биз бул маселедеги Молдованын оң тажрыйбасын изилдөөнү каалайбыз», - деди ал.

Вице-премьер-министр баса белгилегендей, калктын ички жана тышкы миграциясына байланыштуу өлкөдө ата-энесинин кароосуз калган социалдык жетимдерди тарбиялоо маселеси курч турат.

«Мында биз мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен ата-энелердин жоопкерчилигин, алардын өз милдеттери тууралуу билүүсүн жогорулатуу, ошондой эле ата-энелердин балдарды тарбиялоо процессине катышпоосунун терс кесепеттери боюнча иштерди жүргүзүүбүз зарыл», - деп белгиледи Алтынай Өмүрбекова.

Өз кезегинде Валентина Булига Молдова Республикасында жүргүзүлгөн реформалар, мыйзам демилгелери, ошондой эле балдарды социалдык коргоо жана укуктарын камсыздоо маселелеринде мамлекеттик органдардын өз ара байланыштары тууралуу маалымдады.

«1995-жылдан тарта биз интернаттык мекемелерде тарбияланган балдардын санын 17 миңден 1300 дейре кыскарта алдык. Бул нерсеге жетишүүгө саясий эркибиз жана бардык балдарды тарбиялоочу мекемелерди жабуу менен маселени чечүүгө мүмкүн эместигин түшүнүүбүз жардам берди. Мамлекет ар бир бала үй-бүлө камкордугун сезүүсү үчүн альтернатива түзүшү керек. Бизде да чоң көйгөйлөр болду. Бирок биз Президенттин, парламент депутаттарынын жана Өкмөттүн колдоосун табуу аркылуу реформаларды жыйынтыктай алдык», - деди Валентина Булига.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар социалдык коргоо жана үй-бүлөнү, балдарды жана мүмкүнчүлүгү чектелген жактарды колдоого алуунун заманбап, прогрессивдүү ыкмаларын пайдалануу жолу аркылуу мамлекеттик саясаттын негизги багыттары маселеси жаатындагы тажрыйбалары менен бөлүштү.

Пикир

Оставить комментарий