• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өмүрбекова Бүткүл Дүйнөлүк маданий форумдун ачылыш салтанатына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 18.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Бүткүл Дүйнөлүк маданий "Тайху" бешинчи форумунун (Кытай Эл Республикасынын Пекин шаары) ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Иш чаранын ачылыш аземинде сөз алган вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова КЭР Төрагасы Си Цзинпин демилгелеген аталган долбоорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

"Мындай иш чаралардын бири катары сентябрь айынын башында Ысык-Көл жээгинде болуп өткөн үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары болуп саналат. Аталган иш чара дүйнө коомчулугунун колдоосун таап, дүйнө элдеринин ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөгө жөндөмдүү иш чара болуп калганына терең ишенебиз»- деди вице-премьер-министр.

Мындан тышкары мекендешибиз, улуу жазуучу жана ойчул, өзүнүн чыгармаларында ааламдашуу жана азыркы заманбап коомдун маселелерин эске салган Чынгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин дүйнө белгилеп жатканын белгиледи.

Форумдун ачылыш салтанатына бир катар чет өлкөлөрдөн анын ичинде Азербайжан, Италия, Польша, Египеттин келген жетекчилер жана бийик даражалуу коноктор катышты.

Пикир

Оставить комментарий