• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өмүрбекова балдарды коргоо жана алардын коопсуздугун камсыздоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек,14.01.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова балдарга катаал мамиле кылуунун жана зомбулук көрсөтүүнүн алдын алуу боюнча 2019-2020-жылдарга карата ведомстволор аралык иш-чаралардын планынын долбоорун талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү.

«2018-жылдын декабрь айында аталган маселе боюнча эки кеңешме өткөрүлүп, өлкө Премьер-министри тарабынан бир катар тапшырмалар берилген, анын ичинде балдарга орой мамиле кылуунун жана зомбулук көрсөтүүнүн алдын алуу боюнча райондук штабдардын иштери жандандырылды, жашоо шарты оор балдарды ачыктоо үчүн үймө-үй кыдыруу жүрүүдө, бирок балдарга зомбулук көрсөтүлүп, кайгылуу аяктаган фактылар жалпыга маалымдоо каражаттарында байма–бай катталууда. Мунун өзү ата-энесиз туугандарынын кароосунда тарбияланган жаш балдар зомбулуктан корголбой тургандыгынан кабар берет. Балдарды таштаган туугандары жана башка жактар алар тууралуу тийиштүү камкордук көрүп, тарбия бере албайт. Балдарын ишенип таштап кеткен адамдардын катарында ичкиликке берилген жактар да бар. Натыйжада балдар үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болушууда», - деди Алтынай Өмүрбекова, жана ал мындай фактыларга ыкчам көңүл буруу керектигин белгиледи.

Буга байланыштуу вице-премьер-министр белгилегендей, аталган маселелер боюнча мурда берилген тапшырмаларды эске алуу менен балдарга карата катаал мамиле кылуунун жана зомбулук көрсөтүүнүн алдын алуу көйгөйүн чечүүдө бирдиктүү натыйжалуу кадамды иштеп чыгуу зарыл.

Ал эскерткендей, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана райондук администрация башчыларына балдарды зомбулуктан коргоо чараларын ишке ашыруу үчүн жеке жоопкерчилик жүктөлгөн.

Алтынай Өмүрбекова ата-эненин кароосуз калган балдарга байланыштуу абалды мониторингдөө, аны ачыкка чыгаруу жана ага жооп кайтаруунун тийиштүү тутумунун жоктугу балдарды коргоо тутумунун жеткиликтүү түрдө иштелип чыкпагандыгын жана анын фрагментардуулугун, министрлик жана ведомстволордун ата-эненин камкордугусуз жана кыйын кырдаалда калган балдарды ачыктоо, мамлекет тараптан өз учурунда тийиштүү коргоого алууну камсыздоо боюнча тутумдуу иш алынып барылбагандыгын далилдейт.

«Биздин милдет – балдарыбызды коргоону камсыздоого көмөк көрсөтүүнүн таасирдүү планын иштеп чыгууга бардык күчтөрдү тартуу болуп саналат. Биз ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды аныктоо жана алардын абалына аракет көрүүнүн так регламентин бекитүүгө тийишпиз. Балдарды коргоо тармагындагы саясатты ишке ашыруу үчүн жооптуу орган катары КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Балдарды коргоо департаментин жана Жергиликтүү деңгээлде балдарды коргоо боюнча социалдык иштер кызматын киргизүү жөнүндө маселени карап чыгуу зарыл. Биз жер-жерлерде тармактык адистер болбосо, жагдай жакшырбай турганын түшүнөбүз. Тиешелүү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иштерди баштоо зарыл. Ошону менен бирге балдар тууралуу маалыматтардын бирдиктүү маалыматтык-аналитикалык тутумун түзүү зарыл, анда эмне себептен алар мындай абалда калгандыгынын себеби көрсөтүлөт. Мындан тышкары, калкты балдардын коопсуздугун камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө маалымдоо маселеси да кыйла маанилүү бойдон калууда. Балдарга карата зордук-зомбулукка жол бербөө тууралуу коомчулук арасында түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүү шарт. Эч ким башка бирөөнүн башына түшкөн кырсыкка кайдыгер карабашы керек, тийиштүү түзүмдөр балалуу турмуш шарты оор үй-бүлөлөрдү аныктоого дыкат көңүл буруп жана көмөктөшүүгө тийиш. Эгерде кимдир бирөө зомбулуктун түрүнө күбө болсо, же балага карата ушундай мамиле тууралуу маалыматы болсо – токтоосуз түрдө аракет көрүп, № 111 «ишеним телефонуна» жашыруундуулук шарттарында чалуу маанилүү» , - деп эсептейт вице-премьер-министр.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова тийиштүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди, анын ичинде бир күндүк мөөнөттө келтирилген эскертүүлөрдү жана сунуштарды эске алуу менен, балдарга катаал мамиле кылуунун жана зомбулук көрсөтүүнүн алдын алуу боюнча 2019-2020-жылдарга карата ведомстволор аралык иш-чаралар планынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча сунуштарды киргизүүнү тапшырды.

Өз кезегинде Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине ведомстволор аралык пландын долбоорун коомдук талкуудан өткөрүү тапшырылды. Мындан тышкары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ата-энесиз тарбияланып жаткан балдарды аныктоо , ошондой эле балдарга карата орой мамиленин жана зомбулуктун алдын алуу боюнча иштерди күчтөндүрүү милдеттендирилди.

Пикир

Оставить комментарий