• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өмүрбекова: Балдардын укугун коргоо улуттук саясаттын артыкчылыгы

Өкмөт 0

Бишкек, 26.06.19. /Кабар/. Балдардын укугун коргоо Кыргыз Республикасынын улуттук саясатынын сөзсүз түрдөгү артыкчылыгы болуп саналат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова БУУнун Балдардын укуктары жөнүндө Конвенциясынын 30 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын ага кошулуусунун 25 жылдыгына арналган Улуттук форумда билдирди.

Ал белгилегендей, республиканын Өкмөтү кыска убакытта балдардын кызыкчылыктарын, укуктарын жана эркиндигин коргоо тутумун жакшыртуу боюнча маанилүү институционалдык жана практикалык кадамдарды жасай алды.

«Өлкө Өкмөтү мындан ары карай да ушул багытта иш жүргүзөт, анткени балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо – өлкөнүн улуттук саясатынын сөзсүз түрдөгү артыкчылыгы болуп саналат. Ар бир мамлекеттин милдети – ар бир баланы бактылуу кылуу, себеби балдар – бул өлкөнүн башкы байлыгы жана капиталы. Алардын саламаттыгынан жана өнүгүүсүнөн ар бир мамлекеттин келечеги көз каранды», – деди Алтынай Өмүрбекова.

Ал республикада балдарды социалдык коргоо жана колдоо иштери активдүү жүрүп жатканын билдирип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир катар Программаларды кабыл алганын кошумчалады.

«Бул Программалардын катарында инклюзивдик билим берүү тутумун өркүндөтүү, мектептерде ысык тамак берүү, социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу бар. Ушул чаралар баланы өнүктүрүү жана алардын бакубат жашоосу үчүн шарттарды түзүүгө жардам берет. 2020-2040-жылдарга карата Туруктуу өнүктүрүү улуттук стратегиясына ушул жана башка бир катар максаттар киргизилген», – деп билдирди вице-премьер-министр. Ал учурда республикада оор турмуш шартына кабылган балдарды жана үй-бүлөлөрдү коргоо, ден соолугунун мүмүкүнчүлүгү чектелгендер балдарды социалдык колдоо, коомго натыйжалуу интеграциялоо үчүн аларга жеткиликтүү жашоо чөйрөлөрүн түзүү, балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүн колдоо жана балдарга карата катуу мамиле кылуунун алдын алуу боюнча программалар ишке ашырылып жатканын кошумчалады.

Алтынай Өмүрбекова эске салгандай, Кыргыз Республикасы балдардын кызыкчылыктарын, укуктарын жана эркиндигин коргоого багытталган эл аралык келишимдерге, макулдашууларга, конвенцияларга кошулуу чараларын активдүү көрүп жатат. Акыркы жылдары өлкөдө бир катар институттар жана координациялык кеңештер түзүлгөн.

Форумдун ишинин соңунда жыйынтыктоочу Резолюция кабыл алдынды.

Пикир

Оставить комментарий