• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өмүрбекова Беловодскийдеги балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барды

Өкмөт 0

Бишкек, 18.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Чүй облусу боюнча жумушчу сапарынын жүрүшүндө облустун бир катар медициналык мекемелеринин иши менен таанышты. Атап айтканда, Сокулук аймактык ооруканасына барды. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Вице-премьер-министрге ооруканадагы бардык корпустар оңдоого муктаж экендиги, мында оңдоо иштери акыркы 40 жылда өткөрүлбөгөндүгү тууралуу маалымат берилди. Бул максатта 80 млн сомдон ашуун каражат табуу талап кылынат. Жугуштуу оорулар бөлүмү авариялык абалда деп таанылган, ошондой эле хирургиялык-травматологиялык бөлүм токтоосуз оңдоо иштерине муктаж.

Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аймактык оорукананы капиталдык оңдоодон өткөрүүнү каржылоо маселеси каралат экендигин билдирди.

Андан соң вице-премьер-министр Беловодскийдеги балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барды.

Беловодскийдеги балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеси 1935-жылы негизделген. Бүгүнкү күндө аталган интернатта 229 бала тарбияланат. Интернаттын аймагында 2017-жылы 40 балага эсептелген кошумча жаңы корпус курула баштаган. Анын жалпы смелык наркы 47 млн сомду түзсө, анын 10 млн сому каржыланган.

Вице-премьер-министр белгилегендей, жаңы имараттын курулушун каржылоо маселеси толугу менен чечилген жана белгиленген убакта курулушу жыйынтыкталмакчы. Өз кезегинде вице-премьер-министр райондук администрациядан бөлүнгөн каражаттар өз учурунда өздөштүрүлүшүн жана иштер өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүткөрүлүшүн көзөмөлдөөнү өтүндү.

Жыйынтыгында вице-премьер-министр тийиштүү мамлекеттик органдарга жер-жерлердеги абалды жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий