• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өмүрбекова: Билим берүү тармагына салынган инвестиция дайыма өзүн-өзү актайт

Өкмөт 0

Бишкек, 02.09.19. /Кабар/. Билим берүү – өлкөнү өнүктүрүүдөгү негизги ресурс. Билим берүү тармагына салынган инвестиция дайыма өзүн-өзү актайт жана биз каалагандай натыйжа берет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Норус айылындагы мектептин ачылыш аземинде билдирди.

Билим күнүнө карата майрамдык иш-чарага катышкан вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова окуучуларды жана мугалимдерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады.

«Заманбап дүйнө – бул бизден жаңы билим менен көндүмдөрдү талап кылган инновациялык технология, глобалдык илимий ачылыш. Биздин балдар эл аралык рынокто туруштук бере ала тургандай билимдүү, тарбиялуу жана креативдүү болуш керек. Өкмөттүн негизги милдети – бул өсүп келе жаткан муунга замандын талаптарына жооп бере турган татыктуу жана сапаттуу билим берүү», – деди вице-премьер-министр.

«Республика боюнча жаңы мектептер курулуп, учурдагы мектеп имараттарында оңдоо иштери жүрүүдө. 2019-жылдын 1-октябрына карата билим берүү тармагынын кызматкерлеринин эмгек акысын 30% жогорулатып жатабыз. Санариптештирүү, мектептерди Интернетке кошуу, билим берүү процессине инновацияларды киргизүү иштери жасалып жатат. Бул чаралардын баары сапаттуу жана кызыктуу билим алуу үчүн мектептерде бардык шарттарды түзүүгө багытталган», – деди ал.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова балдарды билим алууга, амбициялуу жана эмгекчил болууга, ал эми мугалимдерди жана ата-энелерди окуу жана дүйнө таануу жеңил жана кызыктуу болушу үчүн балдарды камкордук, мээрим жана сүйүү менен курчоого чакырды.

Маалымдама: Норус айылында 160 орунга эсептелген орто мектептин курулушу 2015-жылы башталган. Билим берүү мекемесин курууга республикалык бюджеттен 22 млн сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий