• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өмүрбекова: Биринчи категорияга кирген өлкөлөрдүн саны көбөйдү. Кыргызстанда обсервацияда 321 киши жатат

Өкмөт 0

Бишкек, 17.03.20. /Кабар/. Кыргызстанда 14 күндүк обсервацияда 321 киши жатат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.

Ал мурда коронавирус чыккан өлкөлөр үч категорияга бөлүнсө, эми алар эки категорияга ажыратылганын билдирди. Ал белгилегендей, биринчи категорияга кирген мамлекеттен келгендер 14 күндүк обсервацияга алынат.

"Учурда обсервацияда 321 киши жатат. Экинчи жана үчүнчү категорияга киргендер үй карантининде болуп, алар айылынан же шаарынан чыга албайт. Эми бизде мамлекеттер эки категорияга бөлүнөт. Биринчи категорияга кирген мамлекеттердин саны көбөйдү. Ал тизмеге коронавирусту 1 миң адам жуктурган учурлары бар өлкөлөр кирет. Алардын катарында Кытай, Италия, Иран, Испания, Түштүк Корея, Германия, Франция, АКШ, Швейцария, Улуу Британия, Нидерланд, Норвегия, Австрия, Швеция, Бельгия, Дания бар", - деди ал.

Жаңыртылган тизме 19-марттан тарта киргизилип, ал дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга жараша өзгөртүлүп, толукталып турат.

Аны менен бирге ал, чет өлкө жарандарына Кыргызстанга кирүүсүнө чектөө киргизилип, жүк ташуучу унааларга чектөө болбой тургандыгын айтып өттү.

Пикир

Оставить комментарий