• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өмүрбекова: Бишкек жана Ош шаарларында эки мамлекеттик кризистик борбор ачылат

Коом 0

Бишкек, 17.01.20. /Кабар/. Бишкек жана Ош шаарларында мамлекеттик кризистик эки борбор ачылат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова кечээ, 16-январда КР өкмөтүнө караштуу Аялдар иштери жана гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында билдирди.

«Мындан тышкары бардык шаарларда жана айыл өкмөттөрдө Үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу боюнча комитеттер – туруктуу иштей турган коллегиялык орган негизделет. Ал коомдук башталыштарда мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийлик органдарынын, диний, өкмөттүк эмес уюмдардын жана башка жергиликтүү коомчулуктардын активдүү мүчөлөрүнөн үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу боюнча өз ара иштешүү жана координациялоо үчүн түзүлөт. Каржылоо көлөмүн көбөйтүү мүмкүндүгү менен зордук-зомбулуктун курмандыктары менен иштөө боюнча мамлекеттик социалдык буйрутма жайгаштыруу иштери улантылат. Буга чейин эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосунда түзүлгөн Үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу боюнча комитеттердин мисалы өз натыйжасын көрсөттү», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий