• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өмүрбекова Борбордук Азиядагы Америка Университетинин 25 жылдык мааракеси менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 16.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Борбордук Азиядагы Америка Университетинин профессордук-окутуучулук жана административдик курамын жана студенттер жамаатын окуу жайдын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракеси менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

«Бүгүнкү күндө Борбордук Азиядагы Америка Университетине 25 жыл толду. Бул жылдар аралыгында университет кыргыз-америка факультетинен баштап өз алдынча түзүмгө – өлкөлөр аралык университет деңгээлине чейинки жана регионалдык масштабдагы өнүгүүнүн чоң жолун басып өттү. Кыргыз Республикасынын жарандары Борбордук Азиядагы Америка университетин жаңы стандарттар менен сапаттуу билим берген татыктуу окуу жайы катары кабыл алгандыгы кубандырат», - деди вице-премьер-министр.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, билим берүү тармагы бул - жарандардын бакубат турмушуна кам көргөн жана келечекке болгон ишенимди арттырган өлкөнүн башкы багыты болуп саналат.

«БААУ кампусунун ачылышы азыркы эл аралык талапка ылайык жана бул чоң жетишкендик. Эми биздин өлкө билим берүү тармагында өзүнүн таанымал белгисине ээ жана ал түрдүү эл аралык рейтингдерге киргизилет. Бүгүнкү күндө өлкөдө сапаттуу профессордук-окутуучулук курамы менен гана эмес, алдыга карай умтулган демдүү студенттери, фундаменталдык материалдык-техникалык базасы, заманбап окуу корпустары, жогорку технологиялуу өндүрүш лабороторияларына жана технопарктарга ээ болгон заманбап инновациялык университеттер бар», - деди ал.

Сөзүнүн жыйынтыгында вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билим берүү тармагын өнүктүрүүдөгү окуу жайдын салымын белгилеп, келечекте жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодогу ишине ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий