• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өмүрбекова БУУ ДАП өкүлдөрү менен мектептерде тамактанууну жакшыртуу маселелерин талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 28.06.19. /Кабар/. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова БУУ Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (ДАП) өлкөлүк директору Андреа Баньолини жана «Тармактык тамактануу институту» автономдук коммерциялык эмес уюмунун президенти Владимир Черниговду кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жолугушууда тараптар республикада мектептерде тамактанууну өркүндөтүү, жалпы билим берүү мекемелеринде тамактануу сапатын жакшыртуу, укуктук-ченемдик базаны өркүндөтүү, мектептерде тамактанууну оптималдаштыруунун «жол картасын» кабыл алуу жана мектептерди ысык тамак менен кеңири камтуу маселелерин талкуулашты.

Алтынай Өмүрбекова маалымдагандай, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мекемелеринде окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө» мыйзам долбоору кечээ парламентте биринчи окууда кабыл алынды.

Анын айтымында, бул мыйзам долбоору мектептерде тамактануу тутумун жакшыртууга жана өлкөнүн бардык мектептеринде ысык тамак уюштурууга негиз түзөт.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан донорлордун жардамы, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана ата-энелер коомчулугунун күчү менен республиканын көпчүлүк мектептеринде 1-4-класстардын окуучулары үчүн ысык тамак уюштурулду. Ошол эле учурда биздин түпкү максат - бардык мектептерде ысык тамак уюштуруу», — деп баса белгиледи вице-премьер-министр. Ал айрым мектептерде тийиштүү инфратүзүмдүн жоктугунан маселе чечилбей жатканын кошумчалады.

Сүйлөшүүдө тараптар тамактануу рационун жакшыртуу, жалпы билим берүү уюмдарынын ашканаларынын материалдык базасын бекемдөө жана модернизациялоо, тамактануу маданиятын жогорулатуу жана туура тамактануунун маанилүүлүгү тууралуу ата-энелер жана окуучулар арасында тутумдуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселелерине токтолушту.

Белгилей кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан мектептерде тамактанууну оптималдаштыруу боюнча 2018-2022-жылдарга карата «жол картасы» бекитилип, ашпозчулар үчүн окуу программасы, жалпы билим берүү уюмдарында ысык тамак уюштурууга бирдиктүү талаптар бекитилди.

БУУ Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (ДАП) өлкөлүк директору Андреа Баньоли Кыргыз Республикасында бул багытта оңдуу жылыш бар экендигин жана бул натыйжалар биргелешип жетишилгенин айтты.

Өз кезегинде «Тармактык тамактануу институту» автономдук коммерциялык эмес уюмунун президенти Владимир Чернигов начар тамактануу баланын өнүгүүсүнө таасир берерин баса көрсөттү.

Анын пикиринде, балдардын тамактануу рационуна чоң көңүл буруу керек. Бул баланын организмине кандай витаминдер жана минералдар жетишпей турганын аныктоого, ага жараша балдар үчүн тиешелүү менюну түзүүгө жардам берет.

Пикир

Оставить комментарий