• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Өмүрбекова: Чет жактагы мекендештерибизди колдоо – мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири

Өкмөт 0

Бишкек, 01.08.19. /Кабар/. Чет жакта жүргөн мекендештерибизди колдоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова КР президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңешинин жыйынында айтты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

«Адам – мамлекеттин башкы булагы, негизи жана байлыгы болуп саналат. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган биздин мекендештерибиз жалпы өлкөнүн жана аймактардын өнүгүүсүнө салмактуу салым кошууда, алардын колдоосу менен көптөгөн маанилүү инфратүзүмдүк долбоорлор ишке ашырылып жатат. Учурда чет жерлерде жашаган мекендештерди бириктирүү боюнча активдүү тенденция байкалууда. Мындай улуттук-маданий бирикмелер мекендештерибиздин барган өлкөсүндө көптөгөн маселелерин чечүүгө, мекенинен алыста жүрүп өз маданиятын жана улуттук баалуулуктарын сактоого жардам берет», – деди Алтынай Өмүрбекова.

Ал белгилегендей, мекендештер ортосунда өз ара аракеттешүү маселеси көптөн бери талкууланып келет. Акыркы бир нече жылда алардын катышуусунда бир катар форумдар өткөрүлдү. Алар пикир алмашуу жана бул багытта күч-аракеттерди координациялоо үчүн мыкты аянтча болуп калды.

Вице-премьер-министрдин айтымында, мекендештердин катышуусунда форум өткөрүү өз жемишин бере баштады. Алсак, 2013-жылы чет жактагы мекендештерди колдоо жөнүндө мыйзам кабыл алынган, 2015-жылы КР премьер-министрине караштуу Мекендештер менен байланыш боюнча кеңеш түзүлгөн. Андан соң КР президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш түзүлгөн, ал интеграциялык процесстерди күчөтүп, тажрыйба алмашууга жана биздин жарандардын ар кыл көйгөйлүү маселелерин чечүүгө арналган.

Алтынай Өмүрбекова миграция жаатында мыйзам базасын жакшыртуу маселелери актуалдуу бойдон калып жатканын белгилеп, мекендештер жана диаспора уюмдары менен натыйжалуу өз ара аракеттешүү үчүн бир катар чаралар даярдалганын кошумчалады.

«Чет жактагы мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө» мыйзам долбоорунун жаңы редакциясы иштелип чыкты. Мындан тышкары жумушчу топ түзүлүп, учурда миграция чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын узак мөөнөттүү Концепциясынын үстүнө иштеп жатат. «Мекен-карт» улуттук демилгесинин долбоору иштелүүдө. Ал боюнча чет элдик жарандыгы бар кыргызстандыктар «мекендеш күбөлүгүн» ала алышат. Бул аларга бир катар артыкчылыктарды берет. Экономика министрлиги тарабынан биздин жердештерибизге атамекендик экономикага инвестиция салуу, ишканаларды ачуу жана орто жана чакан бизнес чөйрөсүндө долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жакшы мүмкүндүктөрдү ачкан «Мекеним» Программасынын долбоору иштелип чыкты», – деди ал.

Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, форумдун ишине тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышууда, алар мекендештер менен бардык актуалдуу маселелерди талкуулоого жана аларды чечүү жолдорун аныктоого даяр.

Пикир

Оставить комментарий