• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Өмүрбекова: Чыңгыз Айтматов дүйнөлүк адабиятка баа жеткис салым кошту

Маданият 0

Бишкек, 12.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова бүгүн, 12-сентябрда, Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлерине жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган «Человек жив, пока о нем говорят люди» китебин берүү салтанатына катышты.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, көрүнүктүү жазуучунун маарекесин белгилөөнүн алкагында улуттук жана эл аралык иш-чаралар республикада, ошондой эле дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө өтүп жатат.

«Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы дүйнөнүн булуң-бурчунан окурмандарын тапты. Анын чыгармалары көркөм тасмалардын, театралдык оюндардын, сүрөт көргөзмөлөрүнүн негизи болуп калды. Кыргыз элинин улуу уулу дүйнөлүк адабиятка баа жеткис салым кошкону менен сыймыктанабыз. Өкмөт Ч.Айтматовдун элесине арналган китепти басып чыгаруу демилгесин сыймыктануу менен кабыл алды. Китепте жазуучунун өмүрүндөгү алигиче белгисиз айрым барактар камтылган», - деди Алтынай Өмүрбекова жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгынын көптөгөн окурмандары анын адамдык сапаттары жана ар-намысы жөнүндө улам көптү билишерин белгиледи

Алтынай Өмүрбекова билдиргендей, октябрда Бишкекте эл арасында Айтматовдун форуму катары таанылган Ысык-Көл форумунун ачылышы өтөт.

«Форумга 200гө жакын адамдын катышуусун күтүүдөбүз. Алар - окумуштуулар, адабият жана искусство ишмерлери, ошондой эле жазуучунун талантын баалагандар», - деди вице-премьер-министр.

«Человек жив, пока о нем говорят люди» китебинин автору Роза Айтматова, жазуучунун карындашы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана бардык Ч.Айтматовдун инсандык сапаттарын жана чыгармачылыгын сыйлагандарга ыраазычылык билдирди.

«III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы Чыңгыз Төрөкуловичке арналган, мындан тышкары анын “Жаныбарым, Гүлсары” чыгармасынын каарманына эстелик орнотулду. Бул үчүн биз чексиз сыймыктанабыз. Чыңгыз Айтматовго арналган китеп анын өмүрүнүн белгисиз жактарын ачат. Окурмандарга кызыктуу болот деп ишенебиз», - деди Роза Айтматова жана Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге китепти басып чыгарууга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Китеп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосу менен кыргыздын улуу жазуучусунун 90 жылдыгын өткөрүүгө даярдык көрүүнүн алкагында басылып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий