• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өмүрбекова: Эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болуш үчүн кесипти туура тандагыла

Өкмөт 0

Бишкек, 27.06.19. /Кабар/. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Бишкек шаарынын № 18 кесиптик лицейинде жеңил унаа оңдоочу окутуу-өндүрүштүк комплекстин ачылыш аземине катышты.

Алтынай Өмүрбекова заманбап билим берүү борборунун ачылышы менен куттуктап, артыкчылыктуу кесиптерди экономика өзү аныктайт жана жаштар эмгек рыногунда татыктуу атаандашуу үчүн заманбап тренддерден кабардар болууга тийиштигин белгиледи.

«Жыл сайын жаңы кесиптер пайда болуууда, алар адамдардан жаңы билимдерди жана жөндөмдүүлүктөрдү талап кылышат. Жаңы технологиялар ыкчам өнүгүүдө, алар менен иштөө атайын билим жана даярдыкты талап кылат. Эгерде балдар жана кыздар керектүү билим алышса, дайыма суроо-талап бар жана айлык маянасы жогору адистерден болушат», – деди Алтынай Өмүрбекова.

Ал белгилегендей, бул комплекс электромобилдерди жана газ баллондук унаалардын жабдууларын техникалык тейлөө боюнча адис сыяктуу актуалдуу адистиктерге окуткан заманбап окуу жана өндүрүштүк жабдуулар менен жабдылган.

«Бул Азия өнүктүрүү банкынын колдоосунда суроо-талап жогору адистиктерди алууга заманбап шарттарды түзүү максатында түзүлгөн төрт комплекстин бири. Окутуунун жүрүшүндө окуучулар автотехниканы оңдоо боюнча кеңири билим жана жөндөмдүүлүктөргө ээ болушат. Бүгүнкү күнү өлкөбүздө 1,3 млн ашуун унаа катталган, анын 400 миңи Бишкек шаарында. Комплексти аяктап, диплом алган соң бүтүрүүчүлөргө суроо-талап көп болот деп ойлойм», – деп кошумчалады вице-премьер-министр.

Алтынай Өмүрбекова билдиргендей, парламент депутаттары тарабынан «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган. Ага ылайык, мектеп окуучулары 9-классты аяктагандан кийин окууну же баштапкы кесиптик жана орто кесиптик билим берүү программалары боюнча сөзсүз улантуулары керек.

Анын айтымында, республикада жыл сайын 9-классты 90 миңден ашуун окуучу аяктайт, алардын 60 миңи мектепте окууларын улантышат, бир бөлүгү колледждерге же кесиптик-техникалык училищаларга иапшырышат. Ошол эле учурда 7-8 миң бүтүрүүчү окуусун улантпайт, бул коомду жана мамлекетти тынчсыздандырбай койбойт.

Кыргыз Республикасындагы Азия өнүктүрүү банкынын өкүлү Кендис Мак Дейган айткандай, Кыргыз Республикасы жана банк «Кесиптик билим берүү жана жөндөмдөрдү өнүктүрүү» долбоорунун алкагында активдүү кызматташат.

Ал белгилегендей, учурда кесиптик-техникалык лицейлерле кадрларды даярдоо деңгээли жогорку деңгээлге жетти жана мындай билим берүү мекемелеринде окууга жарандар өздөрү умтулушууда.

Маалымдама: Бишкек шаарындагы кесиптик лицейге караштуу окутуу-өндүрүштүк комплекс Азия өнүктүрүү банкынын «Кесиптик билим берүү жана жөндөмдөрдү өнүктүрүү» экинчи долбоорунун алкагында түзүлдү.

Бул заманбап окутуу жана өндүрүштүк ишкана, техниканын акыркы талаптары менен жабдылган.

Комплексти жабдууда иш толук өндүрүштүк чынжырча боюнча, анын ичинде аныктоо, автоэлектрик, сырдоо жана кузовдук иштер, кыймылдаткычты жана жүрүүчү бөлүктү оңдоо, шина монтаждоо жана ширетүү, жуучу иштер уюштурулары эсепке алынган.

Пикир

Оставить комментарий