• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өмүрбекова: Эне жана бала өлүмү маселесине мамлекеттин мамилесин түп тамырынан бери өзгөртүү зарыл

Өкмөт 0

Бишкек, 20.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова кеңешме өткөрүп, анын жүрүшүндө энелердин жана балдардын өлүмүнүн көрсөткүчтөрү каралды.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдиргендей, 2018-жылдын сегиз айында 36 эне өлүмү катталган. 2017-жылы бул көрсөткүч 34 учурду түзгөн.

Анын айтымында, кош бойлуулардын өлүмүнүн башкы себептеринин бири – адистерге убагында каттоого турбагандык, кош бойлуулардын гипертензивдик абалы, кансыроо, кандын бузулушу, дарыгерлердин катасы, оор акушердик кошумча ооруларда ар тараптуу квалификациялык жардам көрсөтүү үчүн тиешелүү жабдуулардын жоктугу болуп саналат.

Кеңешменин жүрүшүндө Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, энелердин өлүмүн азайтууда сергек жашоо образын жүргүзүү жана кош бойлуу учурда аялдардын дарыгердин көзөмөлүндө болуусу тууралуу калктын маалымдуулугу негизги ролду ойнойт.

Ал белгилегендей, өлкөнүн саламаттык сактоо уюмдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары энелердин өлүмүнүн алдын алуу иштерин күчтөндүрүүгө тийиш. Репродуктивдик саламаттыкка кам көрүү, кош бойлуулук боюнча өз убагында каттоого туруу, текшерүүлөрдөн өтүү зарылдыгы тууралуу маалымдоо боюнча активдүү санитардык-агартуу иштерин жүргүзүү зарыл.

«Жаңы төрөгөн аялдардын жана ымыркайлардын ден соолугуна байланыштуу ар бир учур тыкыр каралышы керек. Биз эне-бала өлүмүн кыскартуу жана келечекте жоюу үчүн бардык чараларды көрүүгө тийишпиз. Энелердин жана балдардын өлүмү – ар бир өлкөнүн саламаттык сактоо абалынын маанилүү көрсөткүчү. Бул маселеге карата мамлекеттин мамилесин түп тамырынан бери өзгөртүү зарыл», – деди вице-премьер-министр.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова ырастагандай, жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу, ошондой эле бейтапканалардын деңгээлинде кош бойлуулардын ден соолугунун абалынын скрининги тутумун өнүктүрүү, кош бойлууларга, төрөгөн аялдарга интенсивдүү жана реанимациялык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу маанилүү.

«Акушер-гинекологдордун, төрөт үйлөрүнүн акушерлеринин жана башка адистердин квалификациясын жакшыртуу, калктын санитардык маданиятын жогорулатуу, үй-бүлөнү пландаштыруу маданиятын түзүү, төрөткө чейинки жана кийинки социалдык патронажды өнүктүрүү зарыл», – деди вице-премьер-министр.

Алтынай Өмүрбекова саламаттыкты сактоо министрлигине энелердин өлүмүн азайтуу боюнча чаралардын комплекстүү тутумун, анын ичинде: саламаттык сактоо тутумунун бардык деңгээлиндеги дарыгерлер үчүн нускама-усулдук сунуштамаларды иштеп чыгууну, ошондой эле республика боюнча онлайн режиминде «төрөт журналы» автоматташтырылган тутумун киргизүүнү тапшырды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча бир катар тапшырмалар берилди, анын ичинде:

- амбулатордук деңгээлдеги адистер (ҮМБ/ҮДТ/ФАП) төмөнкү жаңы төрөгөн аялдарга төрөттөн кийин милдеттүү түрдө патронаж жүргүзүшсүн: кесарево жолу менен төрөгөн, оор преэклампсия жана башкаларга. Стационардык деңгээлдеги медициналык кызматкерлер жаңы төрөгөн аялдарды амбулатордук деңгээлге жана аларга милдеттүү түрдө патронаж жүргүзүүгө өткөрүүлөрү зарыл;

- амбулатордук деңгээлде кош бойлуу учурда жана төрөттөн кийин инфекциянын белгилери тууралуу маалыматтык материалдарды жайылтуу, анда көйгөй жаралган шартта кайсы уюмга кайрылуу зарылдыгын көрсөтүү;

- кош бойлууларды 12 жумага чейин активдүү аныктоо жана Саламаттык сактоо министрилиги тарабынан көрсөтүлгөн клиникалык протоколго ылайык кош бойлуулуктун жүрүшүн каттоого алуу чараларын көрүү;

- Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун жетекчилерине кош бойлуулукка байланыштуу эсктрагениталдык оорулуу жана абалдагы кош бойлууларды диспансердик көзөмөлдөөнү камсыздоо;

- медайымдык жана акушердик адистердин потенциалын жана компетенттүүлүгүн күчтөндүрүү боюнча эл аралык стандарттарга ылайык ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу. Кесипкөй акушерлердин, анестезиолог/реаниматологдордун, акушер/гинекологдордун жана неонатологдордун натыйжалуу технологияларды жана тажрыйбаларды иштеп чыгуу жана киргизүүдө ыйгарым укуктарды өкүлдөө маселелери боюнча күчтөндүрүү;

- эне-баланын саламаттыгын жакшыртууда мындан аркы прогресске жетишүү үчүн секторлор аралык кызматташууну бекемдөөнү улантуу жана саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин жоопкерчилигин жогорулатуу зарыл;

- тейлөөнүн бардык деңгээлдеринде токтоосуз акушердик жана неонаталдык жардам көрсөтүү боюнча медициналык кызматкерлердин билим деңгээлин жана тажрыйбалык жөндөмдүүлүктөрүн жогорулатуу боюнча иштерин туруктуу негизде жүргүзүү;

- МКК жана КР ССМнын ымыркайларга документ берүү процессинде ымыркайлардын маалыматтарынын онлайн тутумун колдонуу менен биргелешкен аракеттешүүсү. Өздүгүн аныктоочу документтери жок төрөткө келген аялдарды каттоо мүмкүнчүлүгүн кароо (сүрөт, видео ж.б.);

- калктын маалыматтуулугун жогорулатуу боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары менен тыгыз иштерди жүргүзүү.

Пикир

Оставить комментарий