• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өмүрбекова: Гендердик зомбулук менен күрөшүүдөгү мамлекеттик саясат комплекстүү жана үзгүлтүксүз болушу керек

Өкмөт 0

Бишкек, 05.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова «Саясий чечимдерди жүзөгө ашыруу: Борбор Азиядагы аялдар кыздар дуушар болгон гендердик зомбулукту түп-тамырынан жок кылуу» аттуу аймактык конференцияга катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Өз сөзүндө вице-премьер-министр гендердик зордук-зомбулук менен күрөшүүдөгү мамлекеттик саясат комплекстүү жана үзгүлтүксүз болушу керектигин билдирди.

«Гендердик зордук-зомбулуктун себептери жана шарттары ар түрдүү, анын ичинде экономикалык, сациалдык-маданий факторлор да бар. Гендердик зомбулук феномен катары чек араны тааныбайт. Гендерге жашына, жашаган жерине, билим деңгээлине, мүлкүнө же социалдык статусуна жана башка социолдык-демографиялык айырмачылыктарга карабастан адамдар мындай зомбулукка кабылышы мүмкүн. Ошондуктан мындай терс көрүнүш менен күрөшүүдө натыйжалуу стратегияларды ишке ашыруу зарыл», - деп билдирди Алтынай Өмүрбекова.

Вице-премьер-министр бул багытта билимдердин жана тажырыйба алмашуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аялдарга жана кыздарга карата гендердик зомбулукту кыскартуу жаатында кабыл алынган чечимдердин аткарылышы тууралуу маалымат берди.

«Кыргызстанда аймакта алгачкылардан болуп «Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо» Мыйзамы кабыл алынган. Ошого карабастан үй-бүлөлүк зордуктун терс көрүнүштөрү менен күрөшүү зарылдыгы турат. Аны менен бирге 2020-жылга чейинки гендердик өнүгүүгө жетишүү боюнча Улттук стратегияда мамлекеттик артыкчылыктуу багыт катары, «гендердик басмырлоого жана сот такыйкаттуулугуна жетишүүнү кеңейтүүгө көңүл бурулууда», - деп билдирди Алтынай Өмүрбекова.

Вице-премьер-министр белгилегендей, өткөн жылы Кыргыз Республикасында «Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргоо» Мыйзамы кабыл алынган. Башка бир катар мыйзамдарга да тиешелүү түзөтүүлөр киргизилген. Жазык-процессуалдык мыйзамдарды реформалоонун натыйжасында 2019-жылдын 1-январынан тарта үй-бүлөлүк зомбулук административдик бузуудан кылмыштык укук бузууга которулат. Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо боюнча субъекттеринин ишмердигин координациялоо боюнча мамлекеттик орган болуп Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги аныкталган.

Жыйынтыгында вице-премьер-министр гендердик зомбулуктун алдын алуу жана аны менен күрөшүү боюнча мамлекеттик органдардын ишин жакшыртуу маселелерин жана мүмкүндүктөрүн талкуулоо бул багытта натыйжалуу стратегиялык практикалык сунуштамаларды иштеп чыгууга жардам берерин билдирди.

Эске салсак, эки күндүк конференция БУУ Өнүктүрүү Программасы тарабынан уюштурулган, ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, мамлекеттик органдарынын, жарандык коомдун өкүлдөрү жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн эксперттери катышышты.

Пикир

Оставить комментарий