• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өмүрбекова Германиянын футболчуларды даярдоо боюнча тажрыйбасын колдонууну сунуштады

Спорт 0

Бишкек, 30.01.19. /Кабар/. Ар бир мектепте эң аз дегенде эки команда болуп, анын бири футбол боюнча команда болушу керек. Ал келечекте күчтүү кураманы чогултууга мүмкүндүк берет. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жыл жыйынтыктоочу коллегиясында айтты.

Анын айтымында, Кыргызстанда 2 миңден ашык мектеп бар. Алардын ичинде жок дегенде эки топ - кичүү жана өспүрүмдөр командасын түзүү аркылуу жарыштарга күчтүү спортчулары бар курамаларды жиберүүгө мүмкүнчүлүк түзүлмөк.

Өмүрбекова мисал катары Германиянын тажрыйбасын келтирип, ал жакта топ түзүү милдеттүү түрдө болгонун белгиледи.

"Биз азыр немис футболчулары кандай жыйынтыктарды көрсөтүп жаткандыгын билебиз. Бул жанагы программаны ишке ашыруу менен болду. Азия Кубогунан кийин дүйнө чемпионатында 46 команданын ичинен сегиз мыкты команда катыша ала турган болсо, бул биз үчүн реалдуу деген ой келди. Ошондуктан азыр биз бир гана футбол боюнча эмес, алдыңкы приоритеттүү спорт түрлөрү боюнча жакшы программа түзүшүбүз керек", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий