• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Өмүрбекова ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы жетекчиси Кристин Жольм менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 26.09.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргыз Республикасындагы жетекчиси Кристин Жольм менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Алтынай Өмүрбекова Кристин Жольмду кызматка дайындалышы менен куттуктап, кызматташуу жемиштүү болоруна ишеним артаарын билдирди.

Анын айтымында, кыргыз тарап ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы ишмердүүлүгү жогору баалайт жана ар бир баланын жашоосун жакшыртууга чоң маани берет.

«Биз көп жылдык жемиштүү кызматташууну жана Кыргызстандагы балдарды коргоо боюнча биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана аларды жүзөгө ашыруу үчүн берилген жардамдарды баалайбыз, ошондой эле 2017-2022-жылдарга карата үй-бүлө, эне жана баланы колдоо боюнча Комплекстүү программанын долбоорун иштеп чыгууга көмөк көрсөткөнүңүздөргө ыраазычылык билдирем. Кыргыз Республикасындагы эненин, баланын саламаттыгына кам көрүү, аларды эмдөө жана витаминдер менен камсыз кылуу, балдардын билимге жеткиликтүүлүгү, балдар өлүмүн жана жакырчылыкты кыскартуу боюнча ЮНИСЕФтин программасы ийгиликтүү ишке ашты», - деди вице-премьер-министр.

Алтынай Өмүрбекова социалдык коргоо жана балдардын укугун камсыз кылуу, калктын аярлуу катмарын жана жашоодо оор кырдаалга туш келген үй-бүлөлөрдү колдоо маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жасалган иштер тууралуу маалымат берди. Ал балдардын эрте өнүгүүсү, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин коомчулук менен аралашуусу, инклюзивдүү билим берүүнү киргизүү жана инфратүзүмгө жеткиликтүү кылуу боюнча маселелер Өкмөттүн артыкчылыктуу багыт болоорун билдирди.

Вице-премьер-министр ЮНИСЕФтин көмөгү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Балдардын укугун коргоону эске алуу менен чечимдерди кабыл алуу жана мониторинг кылуу системасы», «Жашоо үчүн, балдарды окутуу жана өнүктүрүүдөгү кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү бирдей шартта болуусу», «Балдарды коргоо жана адилеттүүлүккө жетүү» сындуу программалар жүзөгө ашып жатканын кошумчалады.

Ал мамлекеттик органдардын дараметин күчөтүү менен балдарга карата мамилени жакшыртуу боюнча саясатты иштеп чыгуу жана анын жыйынтыктарына мониторинг жүргүзүүгө негизделген ишенимдүү маалымат базасын чогултууга шарт түзүлөөрүн кошумчалады.

«Медицина кызматкерлеринин сапаттуу перинаталдык кызмат көрсөтүүлөргө, баланы өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү үчүн балага кам көрүү жана заманбап үй визиттерин жасоого, кыйла аярлуу аялдардын жана балдардын микронутриенттик статусун жакшыртууга, аярлуу жана инфекция жугузуу тобокелдигиндеги өспүрүмдөр үчүн АИВди алдын алууну камтыган ак ниет кызматтарды өнүктүрүүгө болгон умтулуусу балдардын жашоосу, окуусу жана өнүгүүсү үчүн бирдей укуктуу мүмкүн алууну шарттайт», - деди Алтынай Өмүрбекова.

Вице-премьер-министр белгилегендей, сапаттуу окутуу менен камсыздоо жана аярлуу топтордун балдарын мектепке даярдоо үчүн эрте курактагы балдарды өнүктүрүү багытында көп иштер жасалууда.

«Биз мамлекеттик органдар, кызмат көрсөтүүчүлөр жана балдарга кам көрүүчү жактар балдарга зомбулуктан алыс, үй-бүлөдөгүдөй жагдайды түзүп берүү дараметине ээ болушуна умтулабыз. Сот адилеттиги органдары жана административдик органдар балдарга карата сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн жана зыян келтирилген шартта компенсация төлөө жана калыбына келтирүү механизмдерин камсыздоонун үстүндө иштеп жатышат», - деди ал.

Вице-премьер-министр кошумчалагандай, Кыргыз Республикасы ЮНИСЕФ менен бир катар кошумча багыттарда иштөөгө кызыкдар, анын ичинде жарандык билим берүү, дүйнө маданиятын калыптандыруу, инклюзивдик билим берүү стандарттарын жана ченемдерин иштеп чыгуу, балдарды эрте куракта өнүктүрүүнү камсыздоо жана усулдук материалдарды иштеп чыгуу бар.

Кристин Жольм маалымдагандай, үстүбүздөгү жылы Балдардын укуктары жөнүндө Конвенциянын 30 жылдыгы жана Кыргыз Республикасынын бул Конвенцияга кошулуусунун 25 жылдыгы белгиленет.

«Өткөн жылдары Кыргызстан ымыркайлардын өлүмүнүн азаюусуна, балдарды эрте куракта өнүктүрүү программалары менен камтууну жана сапатын жакшыртууга, балдардын жакырчылыгын кыскартууга, балалуу аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн жөлөкпулдардын өлчөмүн көбөйтүү тенденциясын сактоого, камактагы/эркиндигинен ажыратылган өспүрүмдөрдүн санын азайтууга жетишти», - деди ал.

Кристин Жольм кыргыз тарапка тыгыз кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстанда балдардын укуктарын өнүктүрүү жана камсыздоо жаатында мындан ары карай өнүгүүгө жетишүү үчүн талыкпай иштөөгө даярдык билдирди.

«Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга билим алууга толук кандуу шарт түзгөн инклюзивдик билим берүү Концепциясын кабыл алгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ыраазычылык билдиргим келет», - деди Кристин Жольм.

Пикир

Оставить комментарий