• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Өмүрбекова ювеналдык юстиция боюнча координациялык кеңештин жыйынын өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 02.09.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ведомстволор аралык ювеналдык юстиция боюнча координациялык кеңештин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Жашы жете электер тарабынан жасалган кылмыштардын саны азайды. Бирок бойго жеткендер тарабынан жашы жете электерге карата жасалган кылмыштардын саны көбөйгөн. Бул олуттуу маселелерди жаратууда. Мындай абалды деталдуу талдоо жана эмне үчүн көрүлгөн чараларга карабастан, кылмыштардын саны өсүп жатканын түшүнүү кажет. Бул тартылган министрликтер жана ведомстволор өзүнө жүктөлгөн милдеттерди толук түрдө аткарбай жаткандыгын айтып турат. Балдардын коопсуздугу маселеси райондордун жана облустардын жетекчилеринин жумушчу кеңешмелеринин күн тартибине туруктуу негизде киргизилиши керек», – деп белгиледи ал.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова балдарга карата зомбулуктун алдын алуу жана балдар кылмыштуулугунун алдын алуу маселелери боюнча мамлекеттик органдар ортосунда өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүү жана бардык коммуникациялык ресурстарды колдонуу менен маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүүнүн маанилүүлүгүн көрсөттү.

Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги балдар жана жаштар арасындагы кылмыштуулуктун абалы, 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында балдарга карата жасалган кылмыштар жана балдардын коопсуздугун камсыздоо чаралары тууралуу талдоону сунушташты.

Маалыматка ылайык, жашы жете электер арасындагы кылмыштуулуктун жана балдарга карата жасалган кылмыштардын негизги себептери: үй-бүлөдөгү көйгөйлөр, миграциялык процесстер жана социалдык-экономикалык маселелер.

Координациялык кеңештин катышуучулары 2019-2020-жылдары балдарга карата орой мамиле кылуунун жана зомбулук көрсөтүүнүн алдын алуу боюнча Экстрендик чаралардын планын ишке ашырууну жана Коммуникациялык стратегияны, оор турмуш шартындагы үй-бүлөлөрдү жана балдарды аныктоо боюнча уюштуруу иштерин жана балдарга катаал мамиле жасоо жана зордук-зомбулук кылуу учурларында жардам көрсөтүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууну талкуулашты.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Эркиндигинен ажыратуу өкүмү чыгарылган жашы жетелектер үчүн ресоциалдаштыруу борборунун моделинин долбоорун тааныштырды. Бул долбоордун негизги милдети – социумда жашоого кайрадан ыңгайлашкан өспүрүмдү коомго кайтаруу болуп саналат.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар жана сунуштамалар берилди, анын ичинде:

- жашы жете электерге карата жасалган кылмыштардын жана жоруктардын себептерин жана шарттарын терең талдоо максатында балдар үчүн юстиция жаатында изилдөөлөрдү ишке ашырууга, акыркы беш жылдагы соттук чечимдерге мониторинг уюштуруу;

- Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине кылмыштардан жана жоруктардан жабыркаган балдар, кылмыштардын жана жоруктардын күбөсү болгон балдар боюнча көрсөткүчтөрдү кошумча киргизүү тапшырылды.

Муну менен бирге мамлекеттик органдарга:

- балдар коопсуздугу маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү кампанияларын өткөрүүдө социалдык тармактарды активдүү колдонуу;

- «Тумар» балдарга каршы зомбулук көрсөтүүнү токтотуу боюнча улуттук кампаниясына кошулуу иштерин активдештирүү;

- балдардын коопсуздугуна багытталган массалык иш-чараларды камсыз кылуу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жашы жете электер арасында кылмыштуулуктун абалы, балдарга карата зордук-зомбулук жана кылмыштар маселелери боюнча Координациялык кеңешме өткөрүү тапшырмасы берилди.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова ошондой эле белгилегендей, жашоо шарты оор балдардын электрондук маалымат базасын киргизүү ишин тездетүү, катаал мамиле кылуу жана зомбулук көрсөтүүнү аныктоо максатында 5 жашка чейинки балдарды медициналык кароодон туруктуу өткөрүү зарыл.

Саламаттык сактоо уюмдарында каттоодо турган аялдарды ымыркайларга кам көрүү жөндөмдүүлүктөрүнө окутуунун алкагында позитивдүү ата-эне тематикасын киргизүү жана «Зомбулуксуз мектеп» жана «Позитивдүү ата-эне» долбоорлору менен мектептерди камтууну кеңейтүү тапшырылды.

Ар бир тапшырма боюнча конкреттүү (так) аткаруу мөөнөтү коюлду.

Пикир

Оставить комментарий