• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өмүрбекова: Кант диабети коомдук саламаттыктын глобалдуу маселеси

Өкмөт 0

Бишкек, 06.11.19. /Кабар/. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова кант диабетинин биринчи түрүнө чалдыккан (дайыма инсулин колдонгон) бейтаптар үчүн инсулиндин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеде Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев кант диабетинин биринчи түрүнө чалдыккан 29 жашка чейинки бейтаптарды мамлекеттин эсебинен инсулин менен камсыз кылуу боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна кол коюлганын маалымдады. Анын айтымында, буга чейин тийиштүү дары-дармек менен 18 жашка чейинкилер гана камсыздалчу.

Алтынай Өмүрбекова Кыргызстандагы жарандардын арасында диабет менен ооругандардын саны көбөйүп жатканына байланыштуу, бул илдет коомдук саламаттыктын глобалдуу маселеси болуп саналарын белгиледи.

Ал кант диабетине чалдыгып, каттоого алыган жарандар өлкөнүн кайсыл аймагы болбосун, каттоосуна же жашаган жерине карабастан, дары-дармекти алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керектигин кошумчалады.

Вице-премьер ошондой эле тийиштүү органдар өлкөгө сапатсыз же контрафактык дары-дармектерди алып кирүүгө каршы аракет көрүүнү жөнгө салуу жана текшерүү керектигин кошумчалады.

Вице-премьер-министр кант диабети менен ооруган бейтаптардын дарыга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселеси боюнча механизмдерди иштеп чыгуу жана ченемдик укуктук актыларга анализ жүргүзүү, зарыл болсо аларды өзгөртүү боюнча сунуштарды киргизүү үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин базасында жумушча топ түзүүнү тапшырды. Ошондой эле жашоо үчүн маанилүү болгон дары-дармектердин тизмесиндеги инсулиндер бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана Мамлекеттик кепилдик программасынын алкагында жогоруда айтылган дары-дармекти берүү боюнча механизмди иштеп чыгуу тууралуу сунуштарды берүү керектигин белгиледи.

Мындан тышкары Алтынай Өмүрбекова кант диабетинин биринчи түрүнө чалдыккан бейтаптардын инсулинге жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бардык иштер ачык, кабыл алынган механизмдер калк үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү болушу зарыл экенин кошумчалады.

«Кант диабетине чалдыккан адам кайда барыш керек, кайсыл жерден каттоого туруш керек, инсулинди кайдан алыш керек маселелерди так билгендей болушу шарт», – деди Алтынай Өмүрбекова.

Пикир

Оставить комментарий