• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өмүрбекова: Кант диабети менен ооругандардын санын кыскартууда алдын алуу маанилүү роль ойнойт

Өкмөт 0

Бишкек, 09.09.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова кант диабети менен ооругандарды аныктоо, алдын алуу жана медициналык жардам көрсөтүү боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Алтынай Өмүрбекова «Кыргыз Республикасындагы кант диабети жөнүндө» Мыйзамды ишке ашыруу механизмдерин жетишсиз каржылоо жана секторлор аралык өз ара аракеттенүү боюнча иштердин начардыгын белгиледи.

Вице-премьер-министр буга байланыштуу кант диабети боюнча ченемдик-укуктук актыларды талдоо үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ түзүүнү (тоскоолдуктарды жана маселелерди аныктоо) жана зарыл болгон шартта мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү, Кыргыз Республикасында биотехнологиялык дары-дармектерди (анын ичинде инсулиндерди) колдонууну жөнгө салган ченемдик документтерди иштеп чыгууну, ошондой эле мыйзамды ишке ашырууга туруктуу негизде мониторинг жүргүзүүнү тапшырды.

Ал баса белгилегендей, онкологиялык, жүрөк-кан тамыр оорулары, диабет жана тобокелдик факторлору (чылым чегүү, алкоголь, туура эмес тамактануу жана кыймыл-аракеттеги активдүүлүк) саламаттык сактоо чөйрөсүндө жайылып бара жаткан көйгөй болуп саналат.

«Кант диабети коомдук саламаттык сактоонун глобалдуу маселеси. Бул ооруга чалдыккандардын санын кыскартууда алдын алуу маанилүү роль ойнойт. Калкка өз убагында текшерилүүнүн мааниси тууралуу активдүү маалымдоо, жашоонун сергек мүнөзүн жайылтуу кант диабети менен ооругандардын санын бир кыйла кыскартат. Эгерде биз бардык зарыл чараларды тутумдуу түрдө көрсөк, 5-6 жылда оңдуу жыйынтыктарды байкоого болот», – деди вице-премьер-министр.

Алтынай Өмүрбекова ошондой эле кант диабетинен жана башка илдеттерден жабыркап, окуу процесси учурунда дары ичүүсү же башка инъекциялык манипуляцияларды жасоосу керек болгон, медициналык кызматкерлердин байкоосундагы балдарга мектептерде тийиштүү шарттарды түзүүнүн маанисин белгилеп өттү.

Вице-премьер-министр эске салгандай, өлкөнүн билим берүү мекемелеринде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн окуу мүмкүндүктөрүн жакшыртуу максатында инклюзивдик билим берүү тутуму киргизилүүдө.

Анын айтымында, инклюзивдик билим берүү тутуму бардык балдар үчүн бирдей мүмкүндүк алууну камсыздап, ар кандай мүмкүнчүлүктүү балдарга мугалимдин мамилесин өзгөртөт, майыптуулук билим алууга тоскоолдук кылат деген стереотиптен баш тартууга шарт түзөт.

Ал кант диабетин эрте аныктоо жана оорулардын алдын алуу үчүн бардык Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда «Диабет мектеби» бөлмөлөрүн ачып, үй-бүлөлүк медициналык айымдарга кант диабети боюнча алдын алуу иш-чараларын өткөрүү боюнча модулдарды иштеп чыгуу керектигин баса көрсөттү.

Алтынай Өмүрбекова оорулардын алдын алуу, бардык саламаттык сактоо мекемелеринде жарандарга сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү Өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктуу милдеттердин бири экендигин чогулгандардын эсине салды.

Мындан тышкары кант диабетинин жайылуусу маселесин актуалдаштыруу максатында жыл сайын кант диабетине текшерүүдөн жана алдын алуудан өтүү зарылдыгы тууралуу калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүү жана жалпыга маалымдоо каражаттары жана социалдык тармактар аркылуу маалымдоо жолу менен кант диабетинин алдын алуу тапшырылды.

Маалымдама: Расмий маалыматтар боюнча, Кыргыз Республикасында 60 миңден ашуун адам кант диабети менен ооруйт. Бирок дартка чалдыккандардын саны бир кыйла көп болушу мүмкүн. Себеби диабет көп убакыт бою эч кандай белгисиз өтөт. Мындан тышкары өлкөдө кантсыз диабет менен 770 адам ооруйт. Эл аралык диабет федерациясынын статистикасына ылайык, дүйнөдө 425 млн ашуун адам кант диабетинен жабыркайт.

Пикир

Оставить комментарий