• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өмүрбекова: Карыларды камкордукка алуу коомдун артыкчылыктуу милдеттеринин бири

Өкмөт 0

Бишкек, 01.10.19. /Кабар/. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова бүгүн, 1-октябрда карыялардын Эл аралык күнүнө карата уюштурулган иш-чарага катышты, - деп кабарлайт өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Бишкек шаарында өткөн иш-чаранын алкагында «Бирге активдүү узак жашоого» аталышындагы скандинавиялык жүрүш боюнча турнир болуп, ага карылар жана вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова катышты.

Ошондой эле Курманжан-датканын эстелигинин жанындагы аллеяда карыялар өздөрү кийизден, жүндөн, жиптен жасаган буюм-тайымдар, улутттук калориттеги сувенирлер, муну менен катар айыл чарба продукциялары коюлган «Жүрөктөн жүрөккө» аталышындагы кайрымдуулук жарманкеси болду.

Алтынай Өмүрбекова бардык чогулгандарды карыялардын Эл аралык күнү менен куттуктап, бул майрам жаш куракты эскерте турган эмес, ар бир аксакалга жаш муунду тарбиялаганы, үзүрлүү эмгеги, өлкө тагдырына активдүү катышканына ыраазычылык билдирүү жана аларга көңүл бура турган күн экенин белгиледи.

«Бардык өсүп келе жаткан муун үчүн, туулган жер үчүн баатырдык кылып, сүйүүсүн арнаган жарандар өлкөнүн негизги байлыгы болуп саналат. Бул күн улуу муундун өкүлдөрүнүн тагдырын ойлонууга, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошкон адамдарга ыраазылычылык билдирүүгө мүмкүнчүлүк түзөт», – деди вице-премьер-министр.

Вице-премьер-министр улуу муундун өкүлдөрүнүн жашоодогу активдүү позициялары, талыкпас эмгеги жаштар үчүн үлгү болуп саналаарын белгиледи.

Алтынай Өмүрбекова Өкмөт тараптан карыялардын толук кандуу жашоосуна шарттарды түзүү боюнча чаралар кабыл алып жатканын белгиледи.

«2019-2025-жылдарга карата Кыргыз Республикасында улгайган жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу боюнча иш-чаралардын планы бекитилген. Бул Планды ишке ашыруу максатында карыларга социалдык кызматтын критерийлерин, социалдык тейлөөнүн «асырап алуучу үй-бүлө», «патронаждык кызмат» сыяктуу жаңы формаларды иштеп чыгуу, жергиликтүү деңгээлде реабилитациялоо борборлорун, күндүзгү борборлорду жана ден соолук мектептерин ачуу пландалган. Мындан тышкары Иш-чаралар планында жаш муундарга улгайган жарандардын тажрыйбасын өткөрүп берүү максатында ишканаларда жана мекемелерде устаттык механизмин киргизүү каралган. Бул улгайган жарандардын маалымат жана билим берүү ресурстарына жетүүсүн камсыздап, улуу муундун иш менен камсыз болуусуна дем берип, муундардын ортосундагы диалог жана биргелешкен иш аткаруу форматында ыктыярдуу иш жүргүзүү маданиятын калыптандырат. Ошондой эле улгайган жарандардын эс алуусун уюштуруу үчүн «Активдүү узак жашоо» фестивалын өткөрүү, улгайган жарандар арасында чыгармачыл жамаатты, ыктыярчы кыймылдарды жана өз алдынча жардам топторун уюштуруу пландалган. Бул карыялардын коомдук жашоого, аларды социалдык жактан интеграциялоого, активдүү жана сапаттуу жашоо образына тартууга өбөлгө түзөт. Бул чаралар майрамдарда гана эмес, дайыма сиздер өзүңөрдү тынч жана ишенимдүү сезүү үчүн, бактылуу карылык жана кепилдегенген социалдык коргоону камсыз кылуу максатында кабыл алынууда», – деди Алтынай Өмүрбекова.

Ал репспублика боюнча 15-сентябрдан 15-октябрга чейин «Улгайган жарандарга көңүл буруу жана камкордукка алуу» аталышында бир айлык өтүп жатканын эске салды.

Бир айлыктын алкагында мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан карыяларга кошумча даректүү социалдык колдоо жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча максаттуу иш-чарлар өтүүдө.

Андан соң вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова кайрымдуулук жарманкесин кыдырып көрүп, кийизден, жүндөн жана жиптен жасалган сувенирлерди сатып алды.

Майрамдык иш-чарада шахмат турнири, күйбөс лотерея, бий флэш-мобу, мастер-класстар көрсөтүлүп, концерттик программа дагы коюлду. Мындан тышкары иш-чаранын катышуучулары кан басымын текшертип, өз салмагын билүүгө жана кант диабетин алдын алуу боюнча адистерден кеңеш алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий