• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Вице-премьер Өмүрбекова "Келечек" конушундагы өрттө түтүнгө ууланган балдардан кабар алды

Коом 0

Бишкек, 12.02.19. /Кабар/. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова «Келечек» конушундагы үйдө чыккан өрттүн натыйжасында истүү газдан ууланган Таштанбековдордун үй-бүлөсүндөгү балдардын абалынан кабар алды.

Өрттөн улам үй-бүлө жашаган турак-жай толугу менен күйүп кеткен, натыйжада, 2015, 2016, 2017-жылы туулган үч бала ууланган. Учурда балдар Бишкек шаарындагы Балдардын медициналык тез жардам көрсөтүүчү клиникалык ооруканасынын реанимациялык бөлүмүндө жатат (№3 балдар ооруканасы).

Вице-премьер-министр балдардын абалынан кабар алып, Таштанбековдордун үй-бүлөсүнө колдоо берүүчү жылуу сөздөрүн билдирди. Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, Өкмөт тараптан материалдык көмөк көрсөтүлүп, ошондой эле балдарга жөлөкпул алууга көмөк көрсөтүлөт.

Шаардык №3 балдар ооруканасынын жетекчилиги вице-премьер-министрге бардык тийиштүү дармектердин бар экендиги тууралуу маалымат берди. Алтынай Өмүрбекова балдарды күнү-түнү тийиштүү медициналык кароого алуу зарылдыгы тууралуу тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий