• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өмүрбекова КЭР Маданият жана туризм министри Ло Шуган менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 19.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кытай Эл Республикасынын Маданият жана туризм министри Ло Шуган менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Тараптар маданий-гуманитардык кызматташтык маселелерин жана ошондой эле үстүбүздөгү жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Кытай Эл Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Кытай тарап Жусуп Мамайдын китебинин вариантынын негизинде “Манас” операсын коюу максатында, 2019-жылы Кыргызстанда өтө турган кытай чыгармачыл тобунун гастролунун даярдыктары жөнүндө маалымат берди. Кытайда Жусуп Мамайдын китебинин негизинде “Манас” операсы кытай тилинде он ирет коюлган.

Ло Шуган Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына токтолуп: "Чыңгыз Айтматов Кытайда абдан сыйлуу инсан болуп саналат. Аны Кытай жарандарынын абдан жакшы билишет жана эстешет. Жеке мен өзүм жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын окуп тааныгам. Алардын ичинде “Биринчи мугалим”, “Ак Кеме” чыгармалары бар. Үстүбүздөгү жылдын декабрь айында Кытайда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган иш чараларды өткөрүү пландалган”- деп билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө туризм тармагында кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси талкууланды.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова эки өлкөнүн туристтик компаниялары ортосунда тыгыз кызматташтыкты орнотуу зарылдыгын баса белгиледи. Эки өлкө ортосунда маданий жана археологиялык мурастарды сактоо чөйрөсүндө өз ара аракеттенишүү тууралуу сүйлөшүүлөр орун алды.

Тараптар Кыргызстандын аймагында адистер менен биргеликте долбоорлорду ишке ашыруунун зарылдыгы тууралуу өз ара түшүнүшүүгө жетишишти.

Пикир

Оставить комментарий