• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өмүрбекова: Өкмөт балдарды эрте куракта өнүктүрүү кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө ниеттенүүдө

Коом 0

Бишкек, 15.05.18. /Кабар/. Өкмөт балдарды эрте куракта өнүктүрүү кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова бүгүн, 15-майда, “Балдарды эрте куракта өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жана профессионалдаштыруу келечектери” I Улуттук форумунда сөз сүйлөп жатып билдирди. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

“Ар бирибиз балдарыбыздын бактылуу болушун каалайбыз, алардын жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүп, аларга колубуздан келгендин баарын бергибиз келет. Бүгүн балдарды эрте өнүктүрүү боюнча ар түрдүү ыкмалар бар. Анткен менен үй-бүлө балдардын эрте өнүгүүсүнүн пайдубалы болуп саналат. Бүгүнкү форум балдарды эрте өнүктүрүү кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну сунуштайт. Ошону менен бирге Өкмөт азыртан бул тармакта чараларды күчтөндүрүү иш-чараларын түзүүдө ”, -деп белгиледи ал.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Өкмөттүн “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” Программасында билим берүү тармагы үчүн артыкчылыктуу багыт балдардын эрте өнүгүүсүнө кийлигишүү болуп саналарын белгиледи.

“Мектепке даярдоо программасынын кеңири камтыганына карабастан, 3-5 жаштагы балдардын мектепке чейинки билим берүү тутумунан чыгып калуу учурлары бар. Ошондуктан балдардын кыска убакытка бала бакчаларда болушун ачуу мектепке чейинки жаш курагындагы балдарды эрте окутууну камтуу боюнча кыйла натыйжалуу жол болуп саналат”, – деп эсептейт Алтынай Өмүрбекова.

Вице-премьер-министр белгилегендей, дүйнө ыкчам өзгөрүүдө жана бала заманбап чакырыктарга даяр болушу керек, адамдык жана толеранттуу мамилелер кандай түзүлөрүн билип, сын көз караш менен ой жүгүртүп жана андан ары социалдык зарыл болуулары керек.

“Тилекке каршы, бүгүн өлкөнү бала бакчалар менен толук кандуу камсыздоо мүмкүн эмес болууда. Ошондуктан жеке тармакты тартуу мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү ишке ашыруу сыяктуу эле бул багытта жигердүү өнүгүшү керек. Коомчулук балдарды эрте куракта өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жана мектепке чейинки даярдоонун милдеттүү лүгү тууралуу кабардар болушу зарыл”, – деп белгиледи Алтынай Өмүрбекова.

Маалымдама: Форум Кыргызстандын Өкмөтүнүн колдоосу менен Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ), Эл аралык “Роза Отунбаеванын демилгеси” жана Ага Хан Фонду менен өнөктөштүктө өткөрүлүүдө. Форумдун негизги максаты эрте куракта өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн жайылтуу жана эрте өнүктүрүү боюнча адистерди профессионалдаштыруу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий