• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өмүрбекова: Өкмөт үй-бүлөлүк баалуулуктарды ММК аркылуу жайылтууну пландоодо

Коом 0

Бишкек, 21.02.19. /Кабар/. Өкмөт үй-бүлөлүк баалуулуктарды жалпыга маалымдоо каражаттары (ММК) аркылуу жайылтууну пландоодо. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова “Балдарга болгон зомбулуктун жана балдар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу” аттуу тегерек столдун жүрүшүндө билдирди.

Анын айтуусунда, КРнын өкмөтү үчүн балдарга карата болгон зомбулуктун алдын алуу маселелери бүгүнкү күндө эң негизги көйгөйлөрдүн бири. Бул маселе мамлекеттин деңгээлинде комплекстүү мамиле жасоону талап кылат.

Ал белгилегендей, премьер-министр 2019-жылдын январь айында балдарга карата зомбулук жана катаал мамиле жасоонун алдын алуу боюнча бир нече ыкчам чараларды өзүнө камтыган план иштеп чыгууну тапшырган.

“Азыр өкмөт үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо тууралуу мыйзамдарды иштеп чыгаруунун үстүндө иш алып барууда. Балдарды тарбиялоодо жумшак мамиле жасоо, үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтуу максатында маалыматтык кампаниясын өткөрүү максатында медиаплан иштелип чыккан”, - дейт Өмүрбекова.

Пикир

Оставить комментарий