• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Өмүрбекова: Кыргызстанда илимий ишмердүүлүк кадыр-барктуу тармактардын катарына кирбей калды

Өкмөт 0

Бишкек, 11.02.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Илимдеги айымдардын жана кыздардын эл аралык күнүнө карата уюштурулган иш-чарага катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Иш-чаранын башталышында вице-премьер-министр долбоорлордун техникалык көргөзмөсү, «Илимдеги айымдардын жана кыздардын» китеп көргөзмөсү менен таанышты.

Алтынай Өмүрбекова аялдардын жана кыздардын илимге толук, бирдей жеткиликтүү болушуна жетишүү, ошондой эле гендердик теңчилик, аялдар менен кыздардын укуктарын, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү камсыз кылуу үчүн БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясы менен 11-февраль белгилүү бир дата катары бекитилгенин белгиледи.

Анын айтымында, изилдөөлөр көрсөткөндөй, аялдар менен эркектердин илим чөйрөсүнө аралашуусунда белгилүү бир дисбаланс бар. Резолюция дүйнөдөгү бардык өлкөлөрдү мына ошол маселеге көңүл бурууга жана аялдар менен кыздарды илим чөйрөсүнө тартуу боюнча программаны ишке ашырууга чакырат.

«Кыргызстанда акыркы он жылда илимий ишмердүүлүк кадыр-барктуу тармактардын катарына кирбей калды. А бирок активдүү илимий ишмердүүлүк – бул өз кезегинде өлкөнүн экономикалык жактан өсүүсүнүн негизги фактору болуп саналган негизги инновациялык булак. Ал эми аялдардын илимдеги орду тууралуу сөз кыла турган болсок, Союз учуруна салыштырсак, ошол кезде Кыргызстанда медицина, биология, химия, айыл чарба жана физика-математикалык илимдер боюнча кандидаттар көп болчу, азыр гуманитардык чөйрөдө көп, бирок так илимдердеги саны кескин азайды. Өлкөдө техникалык факультеттердин саны көбөйдүүдө, бирок ага карабастан ал факультеттерде окуган кыздардын саны аз. Бул илимий изилдөөлөрдүн жана өнөр жай ишканаларынын кыскарышы, өлкөдөгү жогорку технологиялардын жетишсиз деңгээлде өнүкпөй жатышы, инновациялык лабораториялардын, инфраструктуранын жоктугу жана эң башкысы коомчулукта илимпоз же инженер аял тууралуу бул адистик «аялдар үчүн эмес» деген сындуу стереотиптин жайылышына байланыштуу», - деди Алтынай Өмүрбекова.

«Биринчи кыргыз спутнигин курган, эл аралык деңгээлде таанылган, мисалы: вакцинаны муздаткычы жок эле сактоонун инновациялык мүмкүнчүлүгүн ойлоп тапканы боюнча химиялык технологиялар чөйрөсүндө абройлуу сыйлыктарды бири болгон - IChemE Global Awards 2017 «Биотехнология» категориясы боюнча сыйлыкка татыган Асель Сартбаева сындуу кыздарыбыз мындай стереотиптерди четке кагат», - деди вице-премьер-министр.

Анын айтымында, Өкмөт илимдин, техниканын жана инновациянын өнүгүшүнө жолтоо болуп жаткан жетишпестиктерди жана тоскоолдуктарды жою боюнча иш алып барат.

«Биринчи кезекте ар бир мектепте инновациялык лабораторияларды жана класстарды ачуу аркылуу балдардын илимге кызыгуусун ойготуу жана так илимдер менен техникалык адистиктерге тартуу, жалпысынан бул предметтерди окутуунун системасын өзгөртүү аркылуу бул маселелер мектептен эле чечиле баштайт. Физика менен химияны көргөзмө тажрыйбаларсыз жана эксперименттерди көргөзмөйүн окутуу мүмкүн эмес», – деп кошумчалады Алтынай Өмүрбекова.

Вице-премьер-министр ошондой эле Өкмөт илимий изилдөө үчүн каражатты көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат, анда жаш ойлоп табуучулардын илимий долбоорлорун өнүктүрүү үчүн өзүнчө линия болушу мүмкүн. Муну менен катар Кыргызпатент менен биргеликте аялдар менен кыздарга илим чөйрөсүндөгү белгилүү бир жетишкендиги үчүн атайын сыйлыктарды ыйгаруу тууралуу маселе каралып жатканын дагы айтты.

«Өкмөт учур талабын аткаруу максатында аялдар жана кыздар арасынан окумуштуулардын жаңы муунун чыгарууга көмөктөшүү үчүн ар кандай долбоорлор аркылуу илимдеги, инновациядагы, технологиядагы жаш ойлоп табуучуларды колдойт», - деди Алтынай Өмүрбекова.

Пикир

Оставить комментарий