• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өмүрбекова Кыргызстанга көчүп келген памирлик кыргыздар менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 28.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова бүгүн, 28-июнда, Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында 2017-жылдын күзүндө Афганистан Республикасынын Кичи жана Чоң Памиринен тарыхый мекенине балдарын окутуу үчүн келген кыргыздар менен жолугушту. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Памирлик кыргыздар менен жолугушуу вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекованын № 87 кесиптик лицейдин алар үчүн атайын иштелип чыккан программасы боюнча окутулган бүтүрүүчүлөрүнө сертификаттарды тапшыруу салтанаттуу аземи менен башталды.

Андан соң баарлашуунун жүрүшүндө вице-премьер-министр памирлик кыргыздардын саламаттыгы, балдарынын мектептеги окуулары, жашоо шарттары жана күнүмдүк тиричилигинен кабар алды.

«Биз памирлик кыргыздардын жашоосу тынч жана жетиштүү болушуна, ал эми алардын балдары жакшы билим алышына кызыкдарбыз. Муну менен бирге жергиликтүү бийлик органдары аларга республикада жашоого ыңгайлашууга жардам берүүдө бардык күч-аракеттерин жумшайт», - деди Алтынай Өмүрбекова.

Өз кезегинде памирлик кыргыздардын өкүлдөрү жылуу кабыл алгандары, мамлекет тарабынан көңүл бурууга, окуу жана адистик алуу мүмкүндүгүнө ыраазычылык билдиришти.

«Биздин топтун айрымдары жайкы эс алуу мезгилинде Памирге барып, туугандарына учурашып келүүнү каалап жатышат. Келгенден бери туугандарыбызды сагындык, аларды көргүбүз келет. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн бул маселени чечүүдө аракеттешүүнү суранабыз», - дешти алар.

Алтынай Өмүрбекова жолугушуунун катышуучуларына памирлик кыргыздардын балдары үчүн Ысык-Көлдүн жээгине эс алуу уюштурулганын, каалоочулар бул жакка балдарын каалаган учурда жөнөтө алышарын билдирди. Жолугушуунун жыйынтыгында вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, бардык айтылган маселелер боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга зарыл болгон тапшырмалар берилген.

Пикир

Оставить комментарий