• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Өмүрбекова: Өлкөнү экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн илимий коомчулуктан инновациялык чечимдерди күтөбүз

Өкмөт 0

Бишкек, 13.11.19. /Кабар/. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Илим күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында уюштурулган иш-чарага катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Алтынай Өмүрбекова илимий кызматкерлерди майрамы менен куттуктап, 2002-жылдан бери Кыргыз Республикасында Илим күнү бул чөйрөнүн ролун жогорулатуу, өлкөнү туруктуу өнүктүрүү, ошондой эле илимий жетишкендиктерди рационалдуу пайдалануу максатында белгиленип келе жатканын белгиледи.

«2019-жылы илим чөйрөсүндө бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынды. Премьер-министрге караштуу Илим жана инновация боюнча кеңеш жаңыланып, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө тажрыйба жүзүндө салым кошкон илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары артыкчылыктуу багыт катары эсептелип, ал эми көптөгөн баяндамалар, макалалар-конференциялар болсо илимдин өнүгүшүнө баа берүү үчүн негизги критерийи катары каралышы мүмкүн эмес. Кеңеш 2020-жылы илим изилдөө чөйрөсүндө негизинен мамлекеттик буйрутмага басым жасамай болду. Буга байланыштуу биз өлкөнүн өнөр жайын жана социалдык өнүгүүсү үчүн илимий коомчулуктан инновациялык чечимдерди күтөбүз.

Алтынай Өмүрбекова кошумчалагандай, бүгүнкү күнү илимий-техникалык өнүгүү актуалдуу тема болуп саналат. Ал үзгүлтүксүз изилдөөлөрдү талап кылат. Анын айтымында, илимий-техникалык чөйрө өлкөнүн экономикасына жана анын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизип жатат. Натыйжада жаңы жумуш орундары түзүлүп, инфраструктура жакшырууда.

«Көптөгөн жылдар бою ата мекендик илимге тийиштүү көңүл бурулбай келген. Учурда кыргыз илимин заманбап деңгээлге чыгаруунун зарылдыгын баары түшүнөт. Азыркы коомдо илим өзгөчө роль ойнойт. Илимдин өнүгүү деңгээли – бул мамлекеттин заманбап көрсөткүчтөрүнүн бири. Адамды курчап турган нерсенин бардыгы – бул илимдин жетишкендиги. Илим өнүкпөсө, күчтүү жана заманбап экономиканы элестетүү кыйын.

Алтынай Өмүрбекова кошумчалагандай, кыргыз илиминин азыркы абалы аны өнүктүрүүгө зарыл шарттарды түзүү боюнча түп тамырынан өзгөртүүлөрдү талап кылат. Илимди өнүктүрүүгө жаңы дем берүү жана өбөлгөлөө максатында 2019-жылы КР Салык кодексине түзөтүүлөр киргизилди. Алар илимий-изилдөөчүлүк жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди өркүндөтүүнү колдоого багытталып, инновацияларды киргизүүнүн бизнес аркылуу түз каржылануусун камсыз кылат, колдонмо программалардын пакетин иштеп чыгат.

Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, эми бизнес илимий мекемелерге түздөн-түз кайрылып, тапшырык жасай алат. Муну менен бирге каржылоо суммасы салык салынуучу базадан чыгарылган эсептерге тийиштүү болот.

Пикир

Оставить комментарий