• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өмүрбекова: Маалыматтардын электрондук базасын киргизүү дары-дармектер рыногун жөнгө салууга жардам берет

Өкмөт 0

Бишкек, 14.12.19. /Кабар/. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өкмөткө караштуу дары каражаттары жана медициналык буюмдардын электрондук маалыматтар базасын түзүү жана өнүктүрүү боюнча секторлор аралык координациялык кеңештин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйын учурунда дары каражаттардын жана медициналык буюмдардын электрондук маалыматтар базасын киргизүүнүн I-II баскычтарын ишке ашыруу боюнча отчет сунушталып, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагын жана фармацевтика чөйрөсүн санариптештирүү тууралуу маалымат айтылды.

Ошондой эле жыйында саламаттык сактоо тутумунда электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүү, анын ичинде катталган калкты электрондук каттоо жана электрондук медициналык картаны киргизүү маселелери каралды.

«Мындай системаны киргизүү өндүрүштөн, импорттон баштап акыркы сатып алуучуга чейин бардык баскычтарда бүтүндөй чынжырчаны, дары каражаттарынын ар бир кутусун, таңгагын көзөмөлдөөгө шарт түзөт. Мындан тышкары дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын электрондук маалыматтар базасын түзүү рынокту жөнгө салууну шарттап, контрафакттык продукция менен күрөшүүгө мүмкүндүк берет», - деди ал.

Өмүрбекова белгилегендей, бул система киргизилген соң бардык фармацевтикалык компаниялар, дары ташуучулар жана импорттоочулар өз продукцияларын атайын QR-коддор менен белгилөөгө милдеттенишет. Андан соң дарыканалардагы сканерлер же смартфонундагы программалар аркылуу сатып алуучу кайдан таңгакталгандыгын текшерип, продукциянын коопсуз болуп-болбогондугун жана мыйзамдуулугун биле алат.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдиргендей, Кыргыз Республикасы Түркиянын тажрыйбасын изилдеп жатат. Алар дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын электрондук маалыматтар базасын дээрлик 15 жылда киргизишкен. Учурда Түркияда контрафакттык же сапатсыз дары-дармектер жок.

Анын айтымында, түрк тарап менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, алар көмөктөшүүгө даяр. Белгилей кетүүчү нерсе, бул системаны ыңгайлаштыруу жана толук киргизүү үчүн бир нече жыл талап кылынат.

Жыйында айтылгандай, ушул системаны түзүүнүн алкагында пилоттук уюмдардын адистери мамлекеттик сатып алуулар веб-порталын, дары каражаттары жана медициналык буюмдар электрондук маалыматтар базасы маалыматтык системасын колдонуу жөндөмдөрүнө окутулган. Учурда республика боюнча сатып алуучу уюмдардын адистерин жана дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды ташуучуларды масштабдуу окутуу жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары жыйында саламаттык сактоо тутумуна электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүү боюнча мекемелер аралык жумушчу топтун ишинин, анын ичинде катталган калкты электрондук каттоо жана электрондук медициналык картаны киргизүү жыйынтыктары каралды.

Бул маселенин актуалдуулугун эске алуу менен вице-премьер-министр, долбоорду ыңгайлаштыруу жана ишке ашыруу мөөнөттөрүн кайра кароо зарыл жана киргизүү процессин создуктурууга болбой тургандыгын белгиледи.

Өмүрбекова баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөткөн бардык саламаттык сактоо уюмдарында электрондук системаны иштетип баштоо пландары тууралуу айтып жатып, бул система бирдиктүү электрондук медициналык картаны түзүү, дарыгерге жазылуу жана аны үйгө чакыруу сыяктуу кызматтарды электрондук түргө өткөрүүгө шарт түзөрүн, бул бейтаптар үчүн убакытты кыйла кыскартарын белгиледи. Кийинки баскычта адамдын бирдиктүү ден соолук паспортуна интеграциялоо аркылуу оору таржымалын бардык стационарларда электрондук форматка өткөрүү каралууда.

Өмүрбекова белгилегендей, калктын сапаттуу жана коопсуз дарыларга мүмкүндүк алуусун камсыз кылуу мамлекеттин маанилүү милдеттеринин бири болуп саналат.

«Биз электрондук саламаттык сактоону киргизүү бир топ көйгөйлөрдү чечет, анын ичинде керексиз текшерүүлөрдү, негизсиз дарыларды, иш кагаздык жүктөмдү кыскартат. Эң башкысы бейтаптын жана медицина кызматкеринин убактысын үнөмдөп, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртат деп ишенебиз. Бардык кызыкдар тараптарды электрондук маалыматтар базасын иштеп чыгуу жана киргизүүгө активдүү катышууга чакырабыз», – деди вице-премьер-министр.

Соңунда Алтынай Өмүрбекова биз кайсы баскычта турганыбызды аныктоо, ошондой эле дары каражаттары жана медициналык буюмдар электрондук маалыматтар базасын ыңгайлаштыруу жана киргизүү үчүн финансылык эсептөөлөрдү жүргүзүү максатында түшүнүктүү «Жол картасын» түзүү зарылдыгын айтып өттү.

Пикир

Оставить комментарий