• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өмүрбекова: Мамлекеттин жана коомдун күч-аракетин бириктирүүнүн негизинде биз күчтүү регионду түзөбүз

Өкмөт 0

Бишкек, 27.02.19. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Комплекстүү мамиленин, мамлекеттин жана коомдун күч-аракетин бириктирүүнүн негизинде биз күчтүү региондорду түзөбүз. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Кыргыз улуттук университетинде өтүп жаткан “Региондорду өнүктүрүү боюнча улуттук диалог” аттуу конференциясынын алкагында билдирди.

Анын айтуусунда, 2018-жылды аймактарды өнүктүрүү жылы жана 2019-жылды аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө КРнын президентинин демилгеси жогорку мааниге ээ.

“Биз Кыргызстанды стратегиялык өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү максаттарына жетүүсү үчүн экономикада, социалдык чөйрөдө, мамлекеттик жана муниципалдык башкарууда системалуу түрдө өзгөртүүлөрдү жүргүзүү зарылдыгын билдиребиз. Комплекстүү мамиленин, мамлекеттин жана коомдун күч-аракетин бириктирүүнүн негизинде биз күчтүү региондорду түзөбүз”, - деди ал.

“Аймактардын экономикасын өнүктүрүү биринчи ишкерлер өз демилгелерин ишке ашыра ала тургандай болуп түзүлгөн жагымдуу жана ыңгайлуу чөйрөдөн көз каранды экендигин терең түшүнөбүз. Социалдык-маданий өнүктүрүү биринчи кезекте жергиликтүү жамааттардын өздөрүнүн катышуусу менен камсыздалат”,- деп баса белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий