• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өмүрбекова «Манас» эпосунун күнүнө арналган иш-чарага катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 05.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова «Манас» эпосунун күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтый камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин атынан куттуктоо сөзүн окуду, анда «Манас» эпосу кылымдарды карытып келсе, сан миң сапты башына батырган манасчылар улуттун өзөгүн кармап турган – кыргыз өнөрүнүн башаты экендиги айтылган.

«Манас», «Семетей» жана «Сейтек» үчилтиги ЮНЕСКОнун Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине катталгандан кийин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен 2015-жылдан баштап 4-декабрь Кыргыз Республикасында «Манас» эпосунун күнү деп жыл сайын салтанаттуу белгиленип келет. «Манас» эпосунун үчилтиги дүйнөлүк маданияттын бермети, кыргыздардын тарыхын, дүйнө таанымын жана рухий маданиятын камтыган, достукту, рухий эркиндикти даңазалаган кыргыз элинин кайталангыс эпикалык мурасы болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн биринчи кезектеги милдеттеринин бири бул - «Манас» эпосун жайылтуу, өнүктүрүү жана даңазалоо болуп саналат», - деп айтылат куттуктоодо.

Вице-премьер-министр кошумчалагандай, 2018-жылы Кочкор жергесинде залкар манасчы Сагынбай Орозбак уулунун 150 жылдык мааракеси өткөрүлдү. Ошондой эле анын айтымында, манасчы Жусуп Мамайдын айкелин Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын алдындагы «Манас» скульптуралык композициясына кошуп орнотуу пландаштырылууда.

Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, Чыңгыз Айтматов «Манас» эпосуна өзгөчө көз караш менен мамиле жасаган жана эпосту дүйнөлүк деңгээлге чыгарууда зор эмгек жасап кеткен инсандардын бири.

Вице-премьер-министр ошондой эле эпосту өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн бир катар манасчыларга жана маданий ишмерлерге өкмөттүк сыйлыктарды тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий