• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өмүрбекова Медицина кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чарага катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 06.07.19. /Кабар/. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Медицина кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Вице-премьер-министр өзүнүн куттуктоо сөзүндө медицина кызматкерлеринин адам өмүрүн сактоого арналган иши үчүн зор ыраазычылык билдирди.

«Ак халатчан адамдар алды менен – бул үмүттүн жана камкордуктун белгиси. Биз, албетте, силер менен сыймыктанабыз, силердин араңарда белгисиз баатырлар бар – алар чын дили, жүрөгүнүн үнү менен айланасындагы адамдардын жашоосун жакшы кылат. Биз үчүн адамдын социалдык же материалдык макамы маанилүү эмес. Атамекендик саламаттык сактоонун ардагерлери жана ушул майрам күнү иш милдетин аткарып жаткан кызматкерлерге терең ыраазычылык. Белгилей кетсем, Кыргыз Республикасынын өкмөтү медицина кызматкерлеринин ишин жогору баалайт. Ар дайым жан дүйнөңөрдө бакыт уялап, ден соолугуңар бекем болсун», – деди Алтынай Өмүрбекова.

Вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн саламаттык сактоо тутумунун кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу боюнча чаралары тууралуу эске салды.

«2018-жылдын 1-октябрынан бери үй-бүлөлүк дарыгерлердин, үй-бүлөлүк медицина айымдарынын, фельдшердик-акушердик пункттардын орто медициналык кызматкерлеринин эмгек маянасын жогорулатуу каралган кошумча эмгек акы төлөөнүн жаңы тутуму киргизилген. Үй-бүлөлүк дарыгерлердин ишинин жыйынтыгына жараша орточо маяна 18,1 миң сомдон 27,8 миң сомго чейин жетти. Силерге белгилүү болгондой, жакшы жетишкендиктерге жетишүү үчүн бүгүнкү күнү атайын окуулар, тесттер жана атайын тажрыйбалар өткөрүлүүдө. Мындан тышкары республика боюнча фельдшердик-акушердик пункттардын жана башка саламаттык сактоо объекттеринин курулушу маанилүү болуп саналат. Капиталдык оңдоо жүрүп, медицина мекемелерин жаңы техника менен камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлүүдө», – деди ал.

Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, үстүбүздөгү жылы атамекендик саламаттык сактоо тутумун жакшыртуу иштери уланууда.

«Өзүңүздөр билгендей, саламаттык сактоо тутумун 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасы жактырылды. Артыкчылыктуу багыт катары баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү тутумун өнүктүрүү тандалган. Мындан тышкары тез жардам көрсөтүү тутумунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын өкмөтү жакында «Коопсуз шаар» долбоорунун айыппулдан түшкөн каражаттарынын бөлүгүн медициналык тез жардам кызматын өнүктүрүүгө жумшоо чечимин кабыл алган», – деди вице-премьер-министр.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова сөзүнүн соңунда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн атынан саламаттык сактоо тутумунун бир катар кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий