• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Өмүрбекова мугалимдердин эмгек акысын жакшыртуу боюнча кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 12.12.18. /Кабар/. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова мугалимдердин эмгек акысын жакшыртуу боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жумушчу тобу менен кеңешме өткөрдү, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымдагандай, мугалимдердин эмгек маянасын чегерүү жумалык сааттын өлчөмү, билим берүү, педагогикалык иш стажы, бийик тоолуу жана алыскы райондордо иштөөсүнөн көз каранды. «Мындан тышкары жазуу иштерин текшерүү, класс жетекчилик, устаттык иши боюнча жана башка иштерине кошумча төлөнөт»,- деп билдирди министрдин орун басары.

Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, мугалимдердин эмгек акысын төлөөнү стимулдаштыруу принциптерин ишке ашырган системаны киргизүү зарыл. Анда мугалимдин эмгегинин сапаты окуучулардын сапаттуу билим алуусунун жыйынтыктары менен өлчөнөт жана ал үчүн материалдык сыйлыкка татыйт.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Билим берүү жана илим министрлигине мугалимдердин ишинин жыйынтыктарын баалоо критерийлерин, анын негизинде эмгек акы механизмин иштеп чыгууну тапшырды. Ошондой эле Финансы министрлиги менен биргеликте мугалимдердин эмгек акысын саатына төлөө өлчөмүн көбөйтүү, стимулдаштыруучу эмгек акы фондусун көбөйтүү жана зарыл каражаттарды конкреттүү эсептеп чыгуу мүмкүндүгүн карап чыгуу милдеттендирди.

Пикир

Оставить комментарий