• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Өмүрбекова: Ноябрдан тарта майып балдардын ата-энелерине айлык бериле баштайт

Экономика 0

Бишкек, 31.10.18 /Кабар/. 2018-жылдын ноябрь айынан тарта Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарын караган ата-энелерге айлык акы бериле баштайт. Бул жөнүндө вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Kaktus.mediaга берген маегинде айткан.

Анын айтымында, айлык акы 5 миң сом болуп, ал керектөө куржунуна жараша берилет. Учурда керектөө куржуну 4962 сомду түзөт. Азырынча маянаны 6 миң баланын ата-энеси ала баштайт. Жалпы өлкө боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген 29,9 миң бала бар.

“Бул жөлөкпул эмес, жеке камкорчунун айлыгы болот. Ата-энелер көп учурда пенсиялык камсыздоосуз калышат. Эми алар расмий түрдө жеке камкор аталышат. Жеке камкор ата-эне эле эмес, чоң энеси же жалданма адамдар да боло алат. Мамлекет 4962 сомдон тышкары социалдык камсыздоо үчүн кошумча чыгымдарды да караштырууда. Жыйынтыгында айлык акыга бюджеттен жылына 357 млн. сом жана социалдык камсыздоого кошумча каражат бөлүнөт. Эгер керектөө куржуну өссө, анда жеке камкордун айлыгы да көтөрүлөт”, - дейт Өмүрбекова.

Эмнеге 6 миң балага гана айлык каралган деген суроого, вице-премьер-министр медикалык-социалдык эксперттик комиссиянын маалыматы боюнча 6 миң бала 1 топтогу майып болуп, дайыма көзөмөл керек болгондуктан аларга маяна берилүүдө деп жооп берген.

Пикир

Оставить комментарий