• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өмүрбекова опера жана балет театрынын солисти Фарух Садыркуловду кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 22.06.19. /Кабар/. Вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын алдынкы солисти Фарух Садыркуловду кабыл алды. Ал атамекендик хореографиянын тарыхында алгач ирет, классикалык, заманбап сахналык жана элдик-сахналык хореографиянын DANCEMOSСOW эл аралык сынагында I орунду ээлеген.

Алтынай Өмүрбекова Фарух Садыркуловду белгилүү сынактагы жеңиши менен куттуктап, премьер-министрдин атынан 50 миң сом тапшырды.

«Алгачкы жолу биздин өлкөнүн катышуучусу мындай деңгээлдеги сынакта биринчи орунду алды. Бул сыяктуу жеңиштер жана жетишкендиктер өлкөдө балет өнөрүнүн кайра жанданышына негиз болуп, сиз сыяктуу эл аралык мейкиндикте ийгиликке жетише турган башка жаштарыбыз үчүн үлгү жана дем болот», – деди Алтынай Өмүрбекова.

Вице-премьер-министр эске салгандай, маданият жана искусствонун көп тармактарында кыз-жигиттерибиз күч-аракет жумшап, эл аралык сынактарга катышып, ийгиликтерге жетишип, өлкөбүздүн атагын чыгарышууда.

«Чоң жеңиштер али алдыда деп ишенем, силер зор ийгиликтерге жетишесиңер. Кыйынчылыктарга карабастан, силерди колдоп жана жардам көрсөткөн ата-энелериңерге ыраазычылык. Силер дагы зор ийгиликтерге жетишип, эл пралык деңгээлде тааныласыңар деп ишенебиз. Ошону менен бирге белгилей кетсем, Өкмөт маданият жана искусство кызматкерлери үчүн зарыл шарттарды түзүүнүн үстүндө иштеп жатат», – деп кошумчалады ал.

Фарух Садыркулов вице-премьер-министрге көңүл буруусуна ыраазычылык билдирип, коомчулуктун жана мамлекеттин колдоосу ал үчүн маанилүү экендигин жана жаңы жеңиштерге дем берерин белгиледи.

«Эми мындан дагы көбүрөөк аракет кыла баштайм. Балам, сынактарга катыш, өзүңө ишен, ийгиликтерге жетиш, деп атам көп айтат», – деди Фарух Садыркулов.

Пикир

Оставить комментарий