• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өмүрбекова Раззаков атындагы КМТУнун 65 жылдыгына арналган салтанатка катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 18.09.19. /Кабар/. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) 65 жылдык маарекесине арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Алтынай Өмүрбекова аталган окуу жайдын студенттерин жана профессордук-окутуучу курамын Өкмөттүн атынан бул маанилүү күн менен куттуктады.

Вице-премьер-министр белгилегендей, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети ар дайым активдүү иш жүргүзүп келет жана жүздөгөн жогорку квалификациялуу жана кесипкөй кадрлар менен инсандарды даярдаган окуу жай болуп саналат.

«Бүгүнкү күнү билим берүү жана илим адамдарды жана коомду туруктуу өнүктүрүүнүн маанилүү компоненти болуп эсептелет. Тактап айтканда, заманбап цивилизацияны өнүктүрүүдө өлкөнүн жана элдин социалдык-экономикалык жетишкендиктеринин башкы куралы катары билим берүү саналат», - деди Алтынай Өмүрбекова.

Ал баса белгилегендей, ааламдашуу доорунда маалыматтык индустрия ыкчам темп менен өнүгүүдө жана И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети коомдун суроо-талабын түшүнүүгө жана жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо үчүн өзүнүн билим берүү тутумун өркүндөтүүгө тийиш.

Пикир

Оставить комментарий