• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өмүрбекова: Республикада 800 миңге жакын бала мектепке чейинки куракта

Өкмөт 0

Бишкек, 03.10.19. /Кабар/. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова «Слоненок» аталышындагы бала бакчага барып, мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик социалдык буйрутма Программасынын аткарылышы менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Алтынай Өмүрбекова аталган программага катышууну чечкен бакчалардагы балдарга берилип жаткан тарбия шарттары менен таанышты жана кызматкерлер, ата-энелер менен баарлашты.

Балдардын 40% гана мектепке чейинки билим берүү менен камтылган жана балдарга билим берүү уюмдарынын жетишсиздиги курч маселе болуп турат, өзгөчө Бишкек жана Ош шаарларында. Бул маселени чечүү үчүн мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик социалдык буйрутма Программасынын кабыл алынганын Алтынай Өмүрбекова белгиледи.

«Бүгүнкү күндө республикада 800 миңге жакын бала мектепке чейинки куракта деп эсептелүүдө, стационардык бакчаларга 200 миңи гана барат, дагы бир бөлүгү мектепке чейинки даярдык курстарынан өтөт. Биз ар түрдүү багыттагы ийримдерди, аймактык китепканалардын базасындагы балдардын эрте өнүгүү борборлорун өнүктүрүүгө аракет көрүп жатабыз. Бирок ошол эле учурда мектепке чейин билим берүү уюмдарына бара албаган балдар көп. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасына ылайык, 2023-жылга карата бул көрсөткүч 80% түзүп калыш керек», – деди вице-премьер-министр.

Алтынай Өмүрбекова балдардын эрте өнүгүүсү, мектепке чейин билим берүү жана мектепке даярдык маанилүү маселелерден, анткени бул куракта балдарды социалдаштыруу ийгиликтүү ишке ашат жана окуусунда, жашоосунда ийгиликке жетүүсүнө пайдубалы ошол учурда түптөлөөрүн белгиледи.

Вице-премьер-министр мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик социалдык буйрутма Программасы боюнча Өкмөт жеке менчик бала бакчалардын бир балага көрсөткөн кызмат акысы 8 миңден ашпаган төлөмдүн 50% төлөп берерин эске салды. Бул программа боюнча бир нече жеке бала бакча иштеп жатат, жакынкы арада саны дагы көбөйөт деп ойлойбуз, – деди вице-премьер.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү программага катышуу ниети менен жеке менчик бала бакчалардан жана ата-энелерден билдирмелер түшүп жатканын, аларды тандоо процедурасы өтүп жатканын билдиришти.

Бул программаны жалгыз бой энелер, көп балалуу (5 жана андан көп баласы бар) жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, ошондой эле баккан адамынан айрылган, үй-бүлөнүн жалпы кирешеси 12 миң сомдон кем болгон бүлө, ата-энесинин бирөө I же II топтогу майып болсо, ата-энесинин бирөө же экөө тең мамлекеттик, муниципалдык кызматкер жана алардын ар биринин орточо айлык акысы 12 миң сомдон кем болсо колдоно алат.

Ата-энелер ушул долбоорго катышкан бакчалардан каалаганын тандап, ал жакка талон алат, баланын бакчага барышы менен кошо төлөм да төлөнө берет.

Пикир

Оставить комментарий