• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өмүрбекова Шералы Сыдыков атындагы спорт окуу жайына барды

Өкмөт 0

Бишкек, 22.08.19. /Кабар/. Вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Шералы Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайына (РОРОЖ) барды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Окуу жайдын директору Кадырбек Эргешов вице-премьер-министрге аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берген. Анын айтымында, 2019-жылы РОРОЖго кошумча 48,8 млн сом бөлүнгөн жана каражаттар жатакананы, окуу жана спорттук комплекстерди капиталдык оңдоого багытталган.

Алтынай Өмүрбекова оңдолуп жаткан объекттерди көрүп чыгып, окуу класстары, окуу жайдын тарбиялануучулары машыккан күрөш жана бокс спорттук залдары менен таанышкан.

Вице-премьер-министр белгилегендей, бүгүнкү күнү РОРОЖ таланттуу спортчуларды тарбиялап жатат. Алар эл аралык аренада ийгиликтерге жетишүүдө. Бирок тарбиялануучулардын жалпы билим деңгээлин жогорулатуу зарыл. Анын пикири боюнча, Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайы спортко жана билим берүүгө басым жасаган элиталык окуу жай болушу керек.

Алтынай Өмүрбекова окуу жайдын өзгөчөлүгүн эске алуу менен билим берүү программасын жана спортчуларды даярдоо тутумун өркүндөтүү зарылдыгын айткан.

«РОРОЖнын тарбиялануучулары сапаттуу билим алып, ар тараптуу өнүгүп, заманбап технологияларды өздөштүрүү мүмкүндүгүнө ээ болушу керек. Окуу жайдын жетекчилиги бул үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүгө тийиш. Өлкөдө билим берүүнүн сапатын өркүндөтүү өкмөттүн ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири», - деди вице-премьер-министр.

Кадырбек Эргешов окуу жайдын окуу-материалдык базасын жана спорттук шаймандарын жаңылоого кошумча каражат бөлүүнү өтүнгөн.

Вице-премьер-министр өкмөт окуу жайдын тарбиялануучуларынын тамактануусуна бөлүнүүчү акчанын көлөмүн көбөйтүү, билимдин сапатын жогорулатуу үчүн окуу-материалдык базаны жакшыртууга акча бөлүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканын билдирген.

Алтынай Өмүрбекова мындан тышкары бардык оңдоп-түздөө иштерин өз учурунда бүтүрүү жанат окуу жайдын айланасын жакшыртуу боюнча тапшырма берген.

Пикир

Оставить комментарий