• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өмүрбекова: Синоптиктердин иши, экономикага жана элдин жашоосуна түздөн-түз таасирин тийгизет

Коом 0

Бишкек, 14.12.18 /Кабар/. Гидрометеорологиялык кызматтын иши экономиканын негизги секторлорунун үзгүлтүксүз иштөөсүнө жана шаарлар менен аймактардын жашоосун камсыздоого түздөн-түз таасирин тийгизет. Бул тууралуу вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова “Кыргызгидрометтин өркүндөтүүсү: жетишкен прогресс жана болочоко шарт түзүү” аталышындагы конференцияда билдирди.

Конференциянын жүрүшүндө “Борбордук Азиядагы гидрометеорологиялык кызматты өркүндөтүү” регионалдык долбоордун аткарылышынын алкагында Гидрометеорологиялык кызматты модернизациялоонун жыйынтыгында жетишилген ийгиликтер талкууланды.

Вице-премьер-министр баса белгилегендей, «Кыргызгидромет» табигый кырсыктардын алдын алуу жана экологиялык абалды иликтөөдө маанилүү ролду ойнойт.

«Долбоордун алкагында гидрологиялык байкоо тармагынын абалы олуттуу жакшыргандыгын белгилегим келет. Биздин өлкө үчүн маанилүү болгон суулардын көлөмүнө мониторинг жүргүзүү боюнча автоматташтырылган технологиялар орнотулду, мануалдык суу-тосмолору менен жабдылып, кар көчкүлөрдү атайын түшүрүү иш-чаралары учурунда көчкүгө мониторинг жүргүзүү, кар көчкүлөрдү түшүрүү учурунда Кыргызгидромет кызматкерлердин өмүрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу каралган. 2017-2018-жылдары кыш мезгилинде кар көчкүсүн божомолдоо жана алдын алуу 94% түздү. 2014-2015-жылдары кыш мезгилинде 76% каршылык акталган»,- деп билдирди Алтынай Өмүрбекова.

Мындан тышкары метеорологиялык параметрлерди онлайн режиминде мониторинг жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берилди жана маалыматтарды чогултуу боюнча заманбап борбор түзүлдү. Ал борбор маалыматтарды кабыл алууга жана ар кандай түрдө метеорологиялык байкоолорду чоң көлөмүндө иштетүүгө мүмкүнчүлүк берет.

«Биздин өлкө геогорафиялык жайгашуу абалына жараша, башка тоолуу аймактар сыяктуу эле айлана-чөйрөнүн өзгөрүүсүнө сезимтал келет. Экстремалдык метеорологиялык кубулуштардын натыйжасында жыл сайын Кыргызстанда 200 жакын өзгөчө кырдаалдар катталат, жыйынтыгында олуттуу экономикалык зыяны тийип, адам курмандыктарына да алып келет», - деп белгиледи Алтынай Өмүрбекова.

Алсак, 2015-жылы катуу жаан-чачын, шамал, үшүк, көчкү сыяктуу өзгөчө кырдаалдардын экономикалык кесепети 800 млн сомдон ашуун сумманы түзсө, 2016-жылы 600 млн сомдон ашуун, ал эми 2017-жылы 350 млн сомго жакын каражатты түзгөн.

Буга катар Алтынай Өмүрбекова климаттын ааламдык өзгөрүүсү, жаратылыш кырсыктарынын жана экологиялык көйгөйлөрдүн санынын өсүүсү шартында алдын ала болжолдоо жана мониторингдөө кызматын үзгүлтүксүз өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргызстандын эл аралык өнөктөштөрүнө жаратылыш кырсыктарынын тобокелдигин кыскартуу жаатында көрсөтүп жаткан колдоосуна жана кошуп жаткан салымына ыраазычылык билдирди.

«Өзгөчө кырдаалдарды өз учурунда, натыйжалуу алдын алуу жана ага жооп кайтаруу үчүн, биздин бирден бир максатыбыз – алдын ала эскертүү жана божомол жүргүзүү методдорун мындан ары карай жакшыртуу менен Гидрметеорология агенттигин дараметин жогорулатуу болуп саналат», - деп сөзүн жыйынтыктады вице-премьер-министр.

Пикир

Оставить комментарий