• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда спорттун командалык түрлөрүн өнүктүрүүнүн комплекстүү Программасы иштелип чыгууда

Өкмөт 0

Бишкек, 07.02.19. /Кабар/. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасындагы Спорттун командалык түрлөрүн өнүктүрүүнүн комплекстүү программасынын долбоорун даярдоо боюнча кеңешме өткөрдү.

Алтынай Өмүрбекова эскерткендей, Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Улуттук футбол федерациясы менен биргеликте Футболду өнүктүрүү программасын иштеп чыгууну сунуштаган.

«Биз футбол, волейбол, баскетбол жана башка командалык оюндарды өнүктүрүүнү караган Программанын долборун иштеп чыгуубуз зарыл. Мындан тышкары, аталган Программа спорттук командалык оюндардын түрүн өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын, миссиясын жана негизги максаттарын, ошондой эле ага натыйжалуу жетишүү ыкмаларын аныктоосу тийиш. Программанын долбоорунда спорттук оюндардын командалык түрүн бир нече жылдарга карай өнүктүрүнүн стратегиялык багыттарын тандоодо негизги атыкчылыктар эске алынышы керек. Балдардын сүйүктүү спорттун түрү менен профессионалдуу алектенүүгө мүмкүндүгү болуусу үчүн бардык региондор камтылуусу тийиш», - деп эсептейт вице-премьер-министр.

Алтынай Өмүрбекова кыргыз футболунун жакшы өнүгүп жаткандыгын белгиледи, ага Азия кубогуна алагач ирет катышкан футбол боюнча ууттук курама команданын ийгилиги жана команданын Азиянын алдыңкылары менен таймашууга мүмкүнчүлүгү бар экендиги далил болуп берет.

Кеңешменин жүрүшүндө белгиленгендей, республикада азыркы учурда 3 лига бар: Жогорку лигада - 8 команда, I лигада – 18 команда жана II лигада 27 команда бар. Мындан тышкары футзал боюнча Суперлига бар – анда 11 команда жана футзал боюнча I лигага 8 команда кирет.

Вице-премьер-министр баса белгилегендей, өлкөнүн бардык облустарынын балдарынын спортко кызыгуусу маанилүү, аларда спорт менен алектенүүгө, жеңишке жетишүүгө өбөлгө болушу керек.

«Шаарлардын мэриялары тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте мектептин аймагында жайгашкан футбол аянттарын, спорттук аянттарды, залдарды талапка ылайык келтирүү маселесин иштеп чыгуусу тийиш. Ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коомдук спорт аянттарын бюджеттик каражаттардан камсыздоону карашы керек. Дени сактын жан дүйнөсү таза, ал эми дени сак улут – бул өнүккөн өлкө. Биз дал ушуга умтулабыз», - деди Алтынай Өмүрбекова.

Кеңешменин жыйынтыгында Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы менен биргеликте спорттун командалык түрлөрүн өнүктүрүүнүн комплекстүү Программасынын долбоорун иштеп чыгууну жана жакын арада аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий