• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өмүрбекова: Узак мөөнөттүү жеңилдетилген насыя - аялдар ишкердигин өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт

Өкмөт 0

Бишкек, 12.02.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Евпропа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы «Бизнестеги айымдар» программасын ишке киргизүү аземине катышты.

Вице-премьер-министр өз сөзүндө Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына, эл аралык өнөктөштөргө бизнес-коомчулугун, инфраструктуралык долбоорлорду өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын өнүктүрүүгө салым кошкондугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Алтынай Өмүрбекова «Бизнестеги айымдар» программасынын ишкерлик чөйрөсүндөгү лидер аялдарды финансылык, техникалык жактан колдоо үчүн комплекстүү пакети бар экенин белгилеп, 2019-жылдын июль айында өткөн «Кыргыз Республикасындагы айымдар ишкердиги: Жаңы импульс» Улуттук конференциянын жыйынтыгында кабыл алынган чечимдерди жүзөгө ашыруу боюнча биргелешкен аракеттердин натыйжасы экенин айтты.

Улуттук конференциянын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган резолюция аялдар ишкерлигин өнүктүрүү жакырчылыктан чыгуунун жана коомдун социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүгүүсүнүн натыйжалуу ыкмаларынын бири болуп саналат.

«Республикада аялдар ишкерлиги жетишерлик туруктуу деңгээлде. Ишкерлик кылууга далалат кылган аялдар дагы көбөйүп жатат. Айымдар ишкерлигине мамлекеттик колдоо көрсөтүү маанилүү болуп саналат. Аялдардын бизнес жүргүзүүсүндө шарттар бирдей эмес. Негизги маселелердин бири – күрөөнүн жоктугуна байланыштуу финансы каражаттарынын жеткиликтүү болбой жатышы», – деди вице-премьер-министр.

Анын айтымында, дал ушул максатта, күрөөнүн жоктугуна байланыштуу кепил боло турган «Кепилдик фонду» ААКга чоң үмүт бар.

«Кепилдик фонду» ААКтын финансылык каражатынын 40% дал ушул ишкер айымдарга берүү боюнча маселе каралып жатат. Бул милдеттерди аткаруу үчүн «РСК банк» ААКтын «Ишкер-Айым», «Айыл банк» ААКтын «Айым-Кредит» сындуу атайын жеңилдетилген финансылык продуктусу ишке кирди. Мындай продукт аймактардагы ишкер айымдар үчүн долбоорлорду каржылоону камсыз кылат. Жеңилдетилген насыя жакынкы убакыттан бери эле берилип баштады, бирок кыска мөөнөттүн ичинде, тагыраагы 2019-жылдын сентябрь айынан ушул күнгө чейин жалпы суммасы 18,9 млн. сом болгон 58 насыя берилди. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынана «2023-жылга чейин Кыргыз Республикасында айымдар бизнесин өнүктүрүүнүн улуттук программасы» иштелип чыккан», – деди Алтынай Өмүрбекова.

Вице-премьер-министр Аялдар иштери жана гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңешке караштуу катчылык түзүлгөнүн, ал гендердик өнүгүү чөйрөсүндөгү жана аялдар ишкерлигине байланыштуу программалардын аткарылышы боюнча иштерге мониторинг жүргүзөрүн кошумчалады.

Белгилей кетүүчү жагдай, Кыргыз Республикасы 2019-жылы «Бизнестеги айымдар» аймактык программасына кошулган. Алтынай Өмүрбекова бул программаны жүзөгө ашыруу менен Кыргыз Республикасындагы аялдар ишкерлигин өнүктүрүүгө гана эмес, биздин айымдарыбыздын социалдык абалынын жакшырышына олуттуу салым кошоруна ишеним артарын билдирди.

«Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына, ушул программанын демөөрчүлөрүнө ыраазычылык билдирем. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ишкер айымдарга ар тараптуу колдоо көрсөтүүсүн уланта бермекчи», - деди Алтынай Өмүрбекова.

Пикир

Оставить комментарий