• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өмүрбекова: Жаштар туризмин өнүктүрүү артыкчылыктуу багыттардын бири

Өкмөт 0

Бишкек, 26.02.19. /Кабар/. КРнын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-өлкөлөрдүн «Туризмди өнүктүрүү» боюнча жаштар форумунун ишине катышты.

«2019-жылы Кыргыз Республикасы Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылат жана алдыда өтө турган саммиттин алкагындагы иш-чаралар биз үчүн маанилүү болуп саналат. Заманбап дүйнөдө туризм дүйнөлүк экономиканын тез өнүгүүчү тармагы болуп саналат. Муну эске алуу менен туризм кыргыз экономикасынын артыкчылыктуу жана экспортко багытталган тармагы катары кабылданууда. Кыргыз Республикасы туристтик тармакты ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн жогорку туристтик потенциалга жана бир катар жагымдуу шарттарга ээ болуп саналат», - деп белгиледи ал.

Вице-премьер-министр 2014-2018-жылдары өткөрүлгөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары атамекендик туризмди өнүктүрүүгө оңдуу таасирин тийгизгендигине басым жасады.

«Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргыз Республикасына Борбор Азия аймагындагы келечектүү туристтик өлкө катары жагымдуу аброй түзүп берди. «The Guardian» жана «Lonely Planet» сыяктуу эл аралык басылмалар биздин республиканы 2019-жылы саякаттоого сунушталган дүйнөдөгү 5 өлкөнүн жана алдыңкы 10 өлкөнүн катарына кошту. БУУ Дүйнөлүк туристтик уюмунун маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасы жакынкы 10 жылда туризм дүркүрөп өнүгүүсү күтүлүп жаткан өлкөлөрдүн сап башына чыкты», - деди вице-премьер-министр.

Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, биздин өлкө кол тийгис жаратылышы жана таза экологиясы менен айырмаланат.

«Республиканын аймагында дүйнөнүн бийик тоолуу көлдөрүнүн катарына кирген Ысык-Көл, Соң-Көл, Чатыр-Көл жана Сары-Челек жайгашкан. Жергиликтүү туризм индустриясы туристтерге ар кырдуу пайдалуу алектенүүнү жеткиликтүү баада сунуштай алат», - деп билдирди вице-премьер-министр.

Бүгүнкү күнү туризмди өнүктүрүүнүн алкагында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2023-жылдарга карата туризмди өнүктүрүү боюнча Программасы кабыл алынган. Муну менен бирге туризм тармагында мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашыруу жана мамлекеттик менчиктеги санаториялык-курорттук уюмдардын объекттерин сарамжалдуу пайдалануу максатында «Кыргыз туризм» мамлекеттик ишканасы түзүлдү.

«Артыкчылыктуу багыттардын бири катары жаштар туризмин өнүктүрүү болуп саналат. Жаштар туризминин өзгөчөлүгү, биринчи кезекте, анын үнөмдүүлүгүндө: жаштар транспорттон баштап, жашаган жери жана анын ыңгайлуулук деңгээлине чейин бардык нерседен үнөмдөөгө даяр. Жаштарды жаңычылдыктар, таанышуулар жана жаңыча билим кызыктырат. Ошондуктан жаштарга сунушталган туристтик продукт салыштырмалуу түрдө кымбат болбошу керек, ошол эле учурда кайталангыс жана кызыктуу окуяларга бай болуусу кажет», - деди ал.

Жыйынтыгында вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова бүгүнкү иш-чаранын жыйынтыгы боюнча каттамдар жана механизмдер иштелип чыгып, КМШ мейкиндигинде жаштар туризминин мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарт түзөөрүнө ишеним билдирди.

Маалымдама: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча. 2018-жылы алыскы жана жакынкы өлкөлөрдөн келген жарандардын саны 2 379,2 миң адамга көбөйүп, 6 946,5 миң адамды түзгөн (КМШ өлкөлөрүнөн – 6 674, 9 миң, алыскы чет өлкөлөрдөн – 271,6 миң адам. Ал эми 2017-жылдын ушул мезгилинде биздин өлкөгө 4 567,4 миң адам келген).

Пикир

Оставить комментарий