• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өмүркулов ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун директору менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.10.17 /Кабар/. Бүгүн, 17-октябрда КСДП парламенттик фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун директору Ингибьерг Гисладоттир менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Ингибьерг Гисладоттирди аталган бюронун директорлугуна шайланышы менен куттуктап, Кыргызстан анын талапкерлигин дипломатия жаатындагы бай тажрыйбасын эске алуу менен колдогондугун белгиледи. Ошону менен катар Иса Өмүркулов Ингибьер Гисладоттирге Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жүрүшүн байкоого жеке өзү катышкандыгына ыраазычылыгын айтты.

Фракция лидери КР Президентин шайлоо ачык-айкын, мыйзам бузуусуз өткөрүлгөндүгүнө токтолуп, ал үчүн баардык жарандарга бирдей, калыс шарт түзүп берүү аракети көрүлгөндүгүн айтты. Анын пикиринде, ар кандай сырткы жана ички таасирлерге карабай, шайлоо өнөктүгү демократиялык шартта өткөрүлдү.

ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун директору И.Гисладоттир Кыргызстанда президенттик бийлик тынчтык жолу менен өткөрүлүп берилип жатканын айтып, узак жана кыска мөөнөттөгү байкоочулар тарабынан шайлоо өнөктүгүндө техникалык мүчүлүштүктөр белгиленбегендигин, бирок айрым кемчиликтер байкалгандыгын маалымдады. Ошондой эле ЕККУ Бюросу тарабынан мындан аркы кызматташууларда адам укуктарынын корголушу жаатында ар кандай окуу, семинарларды өткөрүүгө көмөк көрсөтүлө тургандыгын билдирди.

“Кыргызстан өз башынан эки революцияны өткөргөнүн эстен чыгарбашыбыз керек. Андыктан, мындан аркы дагы шайлоолорду таза, калыс, мыйзам чегинде өткөрөбүз. Дегеле шайлоо маданияты жогорулашы керек. Бул максатта ЕККУ менен ийгиликтүү кызматташабыз деген ишеничтемин,- дейт Иса Өмүркулов. Ал адам укуктарын коргоо жаатындагы эл аралык кызматташууларда мамлекеттин улуттук, регионалдык өнүгүү бөтөнчөлүгү менен диний өзгөчөлүгү эске алынышы керектигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий