• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өмүров: Кесиптик билим берүү квалификациялардын улуттук системасына ылайык ишке ашырылышы керек

Билим 0

Бишкек, 02.11.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров Нур-Султан шаарында (Казахстан) болуп өткөн эл аралык «Региондогу глобалдык: Казахстан Болон процессинде жана ЕБдин долбоорлорунда» онлайн-форумуна катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Форумга Европа Кеңешинин билим берүү департаментинин жетекчиси, Европа комиссиясынын өкүлү, Болон процессинин Байкоочу тобунун вице-президенти, Казахстандагы Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнүн башчысы, Университеттердин Улуу Хартиясы Обсерваториясынын башкы катчысы, Кыргызстан, Казахстан жана Өзбекстандын билим берүү системасынын өкүлдөрү жана ЖОЖдордун ректорлору катышты.

Өзүнүн «Кыргызстандагы жогорку билим берүү системасы» деген баяндамасында КРнын билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров кесиптик билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде адистерди даярдоо квалификациялардын улуттук системасына ылайык ишке ашырылышы керек деп белгиледи.

“Кыргыз Республикасында кесиптик билим берүүнүн сапатын көз карандысыз аккредитациялоо процедураларын ишке киргизүү, республиканын дипломдорун чет өлкөдө таануу жана билим берүү системасын дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграциялоо үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук база Европанын стандарттарына ылайык түзүлдү. Кыргызстандын ЖОЖдорунун 68% Улуттук аккредитациялык кеңеш тарабынан таанылган жети аккредитациялык агенттиктен көз карандысыз программалык жана институционалдык аккредитациядан өттү.

2019-жылдын 30-сентябрында Кыргызстанда Квалификациялардын улуттук системасынын Концепциясы бекитилди. 2020-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Квалификациялардын улуттук алкагы жактырылды. Квалификациялардын тармактык/сектордук алкактарынын Методологияларынын долбоорлору; Кесиптик стандарттардын методологиялары, анын ичинде кесиптик стандарттардын макеттеринин долбоору; билим берүү сектору үчүн квалификациялардын алкактары иштелип чыкты.

Келерки эки жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын Квалификациялардын улуттук системасынын негизги элементтерин түзүү боюнча көп иштерди аткаруу зарыл, анткени алар келечекте бардык деңгээлдердеги кесиптик билим берүүнү реформалоо, квалификациялардын таанылышын жана алардын улуттук жана улуттар аралык эмгек рынокторунун талаптарына ылайык келишин камсыздоо боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн негиз болот”, - деди ал.

Форумдун жыйынтыгы боюнча катышуучулар биргелешкен Коммюникени кабыл алышты, анда алар жогорку билим берүү системаларынын өнүгүүсү үчүн Болон процессинин принциптерин имплементациялоо боюнча Борбор Азиядагы мамлекеттердин мамилелеринин бирдейлигин констатациялады. Глобалдык чакырыктарга биргелешкен каршы аракеттерди көрүү жана туруктуу өнүгүүнү камсыздоо үчүн региондогу эмгек жана билим алуу миграциясынын агымын кеңейтүү жалпы мамилелерди иштеп чыгууну талап кылат деп белгиленди.

Коммюнике Борбор Азиянын өлкөлөрүн жогорку билим берүү жаатындагы реформалоо боюнча өз демилгелерин активдештирүүгө чакырат, алар төмөнкүлөргө багытталган:

  • Окутуунун натыйжаларына багытталган билим берүүнү калыптандыруу;
  • Билим берүүнүн сапатын камсыздоо;
  • Эмгек рыногуна багыт алган билим берүү программаларын иштеп чыгуу;
  • Салыштырууга мүмкүн болуучу квалификациялардын системаларын түзүү;
  • Үйрөтүүнүн жана окутуунун инновациялык ыкмаларын өнүктүрүү.

Форумдун катышуучулары жалпы билим берүү мейкиндигин калыптандырууда региондогу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын, тарыхый жана маданий өзгөчөлүктөрүн эске алуу керек деп белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий