• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өмүрзаков ИИО ардагерлерин Карылардын эл аралык күнү менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 01.10.21. /Кабар/. Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков ички иштер органдарынын ардагерлерин Карылардын эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, жыл сайын 1-октябрда Карылардын эл аралык күнү белгиленет. Бул чечим 1990-жылдын декабрында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан кабыл алынган. 1-октябрь -өзгөчө майрам жана улуу муунга ыраазычылык, урмат-сый көрсөтүү үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк.

Майрамды утурлай ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков жана ИИМдин ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев милициянын ардагерлерин Карылардын эл аралык күнү менен куттукташты.

Өмүрзаков менен Жоошбаев ИИО ардагерлери Чоюнбек Сагынбаев, Акын Шаршенов, Бексырга Кубатович, Нина Ромашова, Динара Шакировага барышып, ички иштер министри Улан Ниязбековдун атынан жылуу куттуктоолорду жана жакшы каалоолорду айтышып, азык-түлүккө толгон баштыктарды тапшырышты.

“Сиздердин артыңыздарда чоң тажрыйба бар. Сиздер каада-салттарды жана адеп-ахлактык баалуулуктарды сактоочуларысыздар. Жаш муунду колдоп, балдардын жана неберелердин ишенимдүү жардамчыларысыздар. Куттуктоо сөздөрдү жана чоң урматтоону кабыл алыңыздар. Сиздерге бекем ден соолук, бакубатчылык, кажыбас кайрат, дөөлөттүү карылык, жакшы маанай,оптимизм жана узак бактылуу өмүр сүрүүнү каалайбыз”, - деди Өмүрзаков.

Пикир

Оставить комментарий