• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өмүрзаков: Шайлоо учурунда катталган фактылар боюнча териштирүү иштери аягына чыгарылсын

Коом 0

Бишкек, 08.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 8-июлунда ИИМ башчысынын орун басары Сүйүн Өмүрзаков Ош шаарында шайлоого карата көрүлүп жаткан коопсуздук чараларын толугу менен көзөмөлгө алуу боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, жыйынга ИИМдин Ош шаарында жайгашкан Ош шаардык, Ош облустук ички иштер башкармалыктарынын, күзөт кызматынын, ИИМдин ички аскерлеринин №703-аскер бөлүгүнүн жана ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Ош шаарындагы №3-батальонунун жетекчилик курамы катышты.

Ички иштер министринин биринчи орун басары Өмүрзаков бул саясий процесстин ийгиликтүү өтүшүнө ар бир кызматкер салым кошуусу керектигин жана ал тартипти бекем көзөмөлдөөдө экендигине токтолду. Кызматкерлерди кичипейилдик менен жарандарга мамиле жасоого чакырды.

Ал ошондой эле буга чейинки шайлоодо Ош шаарында мыйзам бузуулар, одоно укук бузуулар аныкталып, социалдык тармактарда бир катар фактылар чагылдырылып, эл арасында нааразычылыктар орун алгандыктан шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылган.

Жыйын учурунда Өмүрзаков милиция кызматкерлеринин социалдык абалына, өзгөчө ден соолугуна кам көрүү зарылдыгына токтолду. ИИМдин бардык кызматкерлери вакцина алуусу зарыл экендигин белгилеп өттү. Ош шаарында жайгашкан ИИМдин бардык башкармалыктары менен кызматтарын шайлоо өнөктүгү учурунда биргеликте, зарыл учурда жардам беришип, ийгиликтүү өткөрүүгө чакырды.

Жогоруда аталган учурларды эске алуу менен жана шайлоо иш-чарасында коомдук коопсуздукту тиешелүү деңгээлде камсыздоо максатында сиздерге төмөндөгү тапшырмалар коюлат жана аны аткарууга милдеттүүбүз деп баса белгиледи Сүйүн Өмүрзаков.

“Шайлоо учурунда катталган бардык фактыларга карата акыйкат жана ар тараптуу териштирүү иштери жүргүзүлүп, аягына чыгарылсын. Бир дагы кызматкер шайлоого аралашпасын, тигил же бул саясий партияны же бир адамды колдоп чыгуулар болбосун. Эгерде ошондой учурлар аныктала турган болсо катуу жазалар колдонула тургандыгы өздүк курамга жеткирилсин. Милиция саясаттан тышкары жана өзүнө мыйзам чегинде жүктөлгөн милдеттерди гана аткара тургандыгы жеткирилсин”, - деди Сүйүн Өмүрзаков

ИИМден кошумчалашкандай, Өмүрзаков Ош шаарындагы Ош шаардык кеӊешине шайлоо өнөктүгү аяктаганга чейин Ош шаарынын аймагында болуп, коомдук тартиптин сакталышын толугу менен көзөмөлгө алат.

Пикир

Оставить комментарий