• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өмүрзаков: Шайлоо жана референдумду өткөрүү учурунда тартип бузууларга жол берилбеши керек

Аймак 0

Бишкек, 05.04.21. /Кабар/. Бүгүн, 5-апрелде Ош шаарынын борбордук аянтында Ош шаарында жайгашкан ички иштер органдарынын гарнизондук саптык кароосу болуп өттү.

Ички иште министрилигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, саптык кароо келе жаткан шайлоо жана референдумду өткөрүү күнүн утурлай уюштурулган.

Кароонун негизги максаты маанилүү саясий иш-чарага карата коомдук коопсуздукту сактоо боюнча укук коргоо органдарынын даярдыгын текшерүү болуп саналат.

Гарнизондук саптык кароого Ош шаардык, Ош облустук ички иштер башкармалыктарынын, күзөт кызматынын, ички аскерлеринин, атайын багыттагы бөлүктүн жетекчилиги, өздүк курамы катышты. Өздүк курамга шайлоо өнөктүгү учурунда коомдук тартипти сактоо боюнча нускамалар берилип, милдеттери жана укуктары түшүндүрүлдү.

Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков өздук курамдан бул күндөрү мыйзамдуулукту сактап, шайлоо өнөктүгү учурунда аныкталган, келип түшкөн ар бир маалыматтарга тез арада, өз убагында көӊүл буру зарылдыгына токтолду. Ошондой эле ал жеке кызматтык тартипти сактоону талап кылды.

Өмүрзаков өз сөзүндө ички иштер органдарына кайрылып, төмөндөгүлөргө токтолду:

Урматтуу кесиптештер! Урматтуу ардагерлер! Урматтуу элдик кошуундардын эр азаматтары!

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана референдумду өткөрүүгө даярдануу жана анын жүрүшүндө коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо чараларын күчөтүү керектигин белгилеймин.

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча бир катар иштерди аткарып жатабыз. Бул багытта коопсуздук чараларын күчөтүү боюнча Ички иштер министрлигинин тапшырмасы бардык ички иштер органдарына аткарууга жөнөтүлдү.

2021-жылдын 5-апрелинен баштап Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын жалпы өздүк курамы күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөгө киришет. Кыргыз Республикасынын президенти, Куралдуу күчтөрдүн Башкы кол башчысы Садыр Жапаровдун бизге берген тапшырмасына ылайык, шайлоолор таза жана акыйкат өтүш керек.

Шайлоого карата бардык тартип бузууларга, анын ичинде добуш сатуу жана сатып алуу фактыларына бөгөт коюу биздин милдет. Эгерде ушундай фактылар аныкталса, анда мыйзам чегинде чараларды көрөбүз. Шайлоо жана референдумду өткөрүү учурунда ар кандай тартип бузууларга жол бербешибиз керек", - деп баса белгиледи Өмүрзаков.

Иш-чара салтанаттуу марш менен жыйынтыкталды.

Саптык кароодон кийин Сүйүн Өмүрзаков, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Акылбек Мамасейитов, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги Жеӊиш Абитов ар бир бөлүктүн кызматкерлери менен баарлашып, алардын келе жаткан ири саясий иш-чарага карата даярдыктары менен таанышып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий